“Алмаз” радиосунун 25 жылдык мааракеси белгиленет

Каганат.

Обондорду оболотуп, жагымдуу добушу аркылуу угармандардын жан дүйнөсүнө руханий азык тартуулап келген “Алмаз” радиосунун түптөлгөнүнө 25 жыл болду.  

Керемет уктуруулары менен угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан радионун өздүк майрамы 15-июнда “Ташрабат” соода комплексинде белгиленмекчи.

Салтанаттуу иш-чарага кыргызга аттын кашкасындай таанымал ырчылар, бийчилер, тамашоучулар катышат.

Ошондой эле угармандар үчүн көптөгөн оюн-зооктор уюштурулуп, белектер тартууланат.

Шаар тургундарын жана конокторун 15-июнда саат 14:00дө “Ташрабат” соода комплексине чакырабыз.

Дареги: Бишкек шаары Горький көч, 1Г

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 − 16 =