«Асыл» балдардын ден-соолугун чыңдоо комплекси Билим берүү министрлигине берилди

Каганат.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мамлекеттин менчигинде турган «Асыл» балдардын ден-соолугун чыңдоочу комплекси Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мындай чечим билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − үч =