Кыргызстан курамасынын оюнчуларынын бири Индия менен беттеште жараат алды

0

  Каганат.

Кыргызстан курамасынын мыкты оюнчуларынын бири Индия менен беттеште жараат алды.  

Жарым коргоочу Антон Землянухин кечээки жолугушууда атаандаштын дарбазачысы менен сүзүшүп, замбил менен чыгарылып кеткен.

Ал эми анын ордун Эдгар Бернахард басты.

Ооруканада Землянухин көкүрөгүнө каттуу сокку алганы аныкталды.

Анын калыбына келүү мөөнөтү азырынча белгисиз.

Эске салсак, кечээки оюн Азия кубогунун тандоо этабынын алкагында өтүп, Индиянын пайдасына 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 − 11 =