Мас абалында жол инспекторлору кармалды

Каганат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкек жана Ошто мас абалында жол инспекторлор кармалды.

Маалым болгондой, 11-июнда түнкү саат 1де Бишкектеги Кулатов көчөсүндө “Мерседес-Бенц” унаасы токтотулган.

Аны башкарган Чүй облусунун Кайгуул милициясынын кызматкери мас экени аныкталды.Ал эми 2 күндөн кийин ушундай эле көрүнүш Ошто катталган.Инспекторлор кызматта болбогону такталат.

Өздүк коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзүүдө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 + 2 =