МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ: “Сиздин кетишиңизди Өзбекстандын президенти Ислам Каримов талап кылып жатат,-деди”

Каганат. 

(уландысы. Маектин башталышын бул жерден окуй аласыздар)

– Окуя боло электен мурда, сепаратисттердин күч алышы тууралуу президентке алдын алуу боюнча кайрылуу жасаганга аракет кылып көрдүңүз беле?

– Кайрылгам. Эч кандай жооп болгон эмес.  Кийин Роза Исаковна өзүнүн маектеринин биринде: «10-июнда баары чагылгандай тез башталды» дебедиби. Жалган. «Революционерлерге» таянган сепаратисттердин экстремисттик чакырыктарына шыктанган өзбек жамаатынын өкүлдөрү кудайдын куттуу күнү кыргыз жаштарын да, өзбек жаштарын да провокацияга түртүп, анын айынан ар кандай мушташтар болгондугу ички иштер башкармалыгында да, мэрияда да катталуу.

Эсиңиздерде болсо керек Жогорку Кеңештин Vчакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев баштаган бир топ эл өкүлү Роза Отунбаевадан сиз эмне үчүн  Оштун мэринин 2010-жылдын 14-майында оор кырдаалды алдын-алуу боюнча Сизге жолдогон атайын катына чара көргөн эмессиз деп Р.Отунбаевага кайрылышкан. Ошондо ошол маалдагы өлкө башчысы эмне деди эле?

 «Эмне болгон кат деп биз кийин издештирдик, таппай жатып араң таптык, чындап эле Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары мага жолдонуптур. Эки бет кат экен, ошо кезде курчуп бараткан улуттар аралык мамилеге чара көрүү чакырыгы айтылыптыр. Арадай кепти чарадай кылып, алакандай катыма жооп болбоду, – деп ал  Эл аралык комиссияга да айткан тура. Ошо кезде М.Мырзакматовдун өзү бирде оңду карап, бирде солду карап, күч кайда экенин билгенден кийин гана кыймылдап иштей баштадык» деген.

Мен Р. Отунбаеванын бул пикирине макул эмесмин, ага карата аргументтерим бар.

Биринчиден, кат алакандай болобу, же жалаяктай болобу, эң башкысы ага оролгон ой маанилүү. Катта апрель-май айларында Ошто курчуп бараткан улуттар аралык мамилени жөнгө салуу, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө таянып алып ашкере активдүүлүк көрсөткөн өзбек жамаатынын лидерлерине чара көрүү сунушу айтылган. Экинчиден, көрсө менин ал катымды Бишкекте эч ким деле кунт коюп окубаптыр. Бул Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын алешемдигинен кабар берет.

Ал кезде алар бийлик бөлүштүрүү менен гана алектенип, мага «бакиевчил» деп ишенбей, мен каккан коңгуроону кулак сыртынан кетирип, кантип менден кутулуунун айласын издеп жатышкан. Yчүнчүдөн, убактылуу бийлик Ошто курчуп бараткан улуттар аралык тирешүү тууралуу менин маалыматыма ишенбей, өзбек жамаатынын лидерлерин байма-бай кабыл алып, ошолордун айтканына ынанып туруп алды. Анын аягы минтип кайгылуу аяктады.

-Июнь окуясынын күнөөкөрлөрүнүн бири болгон Иномжон Абдурасулов ошол маалда укук коргоо органдары тууралуу кармалган эле. Бирок, жыйынтыгында ал абактан эмес, чет өлкөдө орун очок алды? Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-2010-жылдын 19-майында Ош шаарынын мэри катары  демилге көтөрүп, Кыргызстандагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси Жалалуддин Салахутдинов менен көзмө-көз жолуктум. Калаадагы татаалдап бараткан улуттар аралык тирешүүнү алдын-алуунун чараларын талкууладык, өзбек жаштарына чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп макулдаштык. «Эгерде Ошто өрт чыгып кетсе Кадыржан Батыров менен Иномжон Абдурасулов сыяктуу авантюристтер качып кетет, сиз экөөбүз калабыз, эки элдин ортосундагы маселени экөөбүз чечебиз» – деп ага эскерттим.

Мен аны сепаратист К.Батыровдун таасиринен чыгарууну көздөп айттым. Ошол учурда ал окуя өтө тереңдеп кеткенин түшүнгөндөй таасир калтырды. «Мелис Жоошбаевич, кыргыздар менен өзбектер ортосундагы оор абалды турукташтыруу боюнча сиздин демилгеңизди колдойбуз, эң башкысы тынчтыкты сактап калуу» – деди ал кооптонгонун жашырбай.

Эртеси күнү 20-майда кечинде курал ташып баратат деген оперативдик маалыматтардын негизинде экс-депутат И. Абдурасулов кармалды. Анын ишин териштиргичекти жарым сааттын аралыгында 500гө жуук тарапкери Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына топтолуп, И.Абдурасуловдун токтоосуз бошотулушун талап кылышты. Дагы 200гө жакыны Привокзальная көчөсүнө топтолушту. Аларды көргөн кыргыздар (100 чамалуу киши) кыргый кабактанып, «Ак Шумкар» ресторанына чогулган.

Мен И.Абдурасулов менен «Интурист» мейманканасында жолуктум. Катуу эскерттим. Ооба, кашайган жаным катуу айттым. Торпок сатып байыган жайы бар эле: «Эй, торпокчу! Сен көчөгө киши чыгарган даражага жетип калдыңбы? От менен ойнобогун! Жүр, сенин кишилериң менен сүйлөшөлү» – дедим. Адегенде мен анын токтоосуз камакка алынышын талап кылгам. Курсан Асанов дагы ушундай позицияда эле.

Бирок Улуттук Коопсуздук кызматынын кишилери караманча каршы чыгып: «Коё бербесеңер болбойт, коопсуздукка биз жооп беребиз» – деп каадаланышты. Мен аларды да эскерткем: «Шаардын коопсуздугуна силер эмес, мен жооп берем» – деп.

Же бир ыйгарым укугум болбосо, же бир Убактылуу Өкмөт дурустап сүйлөшпөсө, кайра сепаратисттердин мыйзамсыз иштерине көз жумуп атса, эмне кыласың?

– Ош коогасы учурунда Сиздин Убактылуу Өкмөт менен алакаңыз жакшы болбогону коомчулукка белгилүү. Себеби эмнеде?

– Кеп менин алар менен болгон оң, терс мамилемде эмес. Кеп Убактылуу Өкмөт жетекчилеринин түштүк коогасына болгон кайдыгер мамилесинде болууда. Сепаратисттик маанайдагы өзбек жамаатынын лидерлери менен мышык-чычкан ойнойбуз деп, кандуу калабага от чачып жибергендер ошолор болуп жатпайбы.

Чындыкка тике карап айтсак, түштүктө кан төгүлүп, эл мүңкүрөп, мамлекеттин тагдыры кыл учунда турганда Убактылуу Өкмөттүн жетекчилиги, күч структураларынын тийиштүү башчылары, коопсуздук тармагын тейлеген чоңдор Ошко келбей коюшпадыбы. Улуттар аралык жаңжалдын жалыны жалбырттап жатканда түштүктө алардын орун басарлары жүрдү. Коогага байланыштуу аскердик чечимдер алардын орун басарлары деңгээлинде чечилип жатты. Улуттук Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги өзүнүн компетентсиздигин, чечкинсиздигин, саясый тажрыйбасыздыгын көрсөттү.

Мага белгисиз кайсы бир саясый топ кандуу калаба үчүн мени «садага» чабууга абдан аракеттенди. Бардык күнөөнү мага оодарып, мени кандуу окуялардын негизги себепкери катары көрсөтүү үчүн активдүү аракеттер жүрдү. Окуяга катышы бар жаш кыргыз жигиттерин кармап, аларды топ-тобу менен камап, мага каршы көрсөтмө берүүгө басым жасап жатты. «Мэр курал-жарак тараткан, акча берген, кыргыз жигиттерин топтогон, өзбектерге каршы тукурган» деген суу кечпеген ушак сөздөрдү сурактагылардын оозу менен айттыргылары келишти. Кыргыздын жаш жигиттерин суракта уруп-сабап, аларга басым болгону тууралуу бизде жетиштүү далилдер, видеоматериалдар бар.

Сурактан бошогон жигиттер өздөрү келип, мага болгонун болгондой айтып жатышпадыбы? Массалык маалымат каражаттары аркылуу мени кандуу коогалаңдын негизги уюштуруучусу катары көрсөтүүгө аракет жасашты. Бардык күнөөнү мага оодаруу боюнча аракеттер болгондугу тууралуу менде айныксыз далилдер бар.

Мен ошондо бийликтеги кыргыз улутташтарымдын бул кылыгына абдан таң калдым. Илгери ыраматылык Салижан Жигитов айткан эле: «Кыргыздын кыргыздан башка душманы болбойт, даракты курт жейт, кыргызды кыргыз жейт» – деп. Аргасыздан ошол кеп эске түшөт. Бирок «досторумдун» андай аракети майнапсыз болуп, мага жабылган жалаалар далилденген жок.

 Кудайга шүгүр, акыйкатты туу туткан элим бар экен, журтум бар экен, ички душмандардын мени көөлөгөн иш-аракетин таш каптырды. Себеби менин мэр катары улуттар аралык жаңжалды алдын алуу боюнча жасаган иш-аракетимди, тынчтыкты орнотууга багытталган демилгемди адилет таразалаган элим акыйкат ким тарапта экенин өз көзү менен көрдү. Батыштын жана борбордун массалык маалымат каражаттары мени каралап жатканда касиеттүү калкым мени колдоп берди. Мен аларга түбөлүк ыраазымын! Бийликтегилер ушул нерседен чочушту деп ойлойм. Анткени мен,  өлкө биримдигин сактоо максатында башымды тобокелге салып, келген да, кеткен да бийликтин колуна суу куйбай, элимдин кызыкчылыгын баарынан бийик койдум.

ЧАГЫМЧЫЛАРДЫН ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫН ТҮЗҮҮ АРАКЕТИ

2010-жылы Сизге Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасын түзүү идеясын ишке ашыруу үчүн акча сунушташкан деп да айтылып жүрөт? Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– 2010-жылы апрель-май айларында Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүү аракети абдан күч алды. Бир мисал келтирейин, ошо жылы 10-апрелде Россия Федерациясынан бир телеграмма келди. Анын мазмуну төмөндөгүдөй: «Сиздер Ош Республикасын түзүшүңүздөр керек. Ташматов Хамидге кайрылсаңыздар жардам берет».

Бул телеграмманын көчүрмөсү бизде сакталуу, бул убагында массалык маалымат каражаттарына да чыккан.

Мен мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо максатында шаардын милиция жана коопсуздук кызматтарынын башчыларын чакырып, бул телеграмманы дыкат изилдеп, кескин чара көрүүсүн буюрдум. Оштогу саясый күчтөрдү чогултуп, өлкөнү бөлүп-жарган азгырыкка алдырбоону сурандым.

Кийин май айларында Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасын түзүү идеясын көмүскө күчтөр шаарда көтөрө баштады деген кеп тарады. Бул максатты ишке ашыруу үчүн белгисиз бирөөлөр төрт жүз миллион доллар акчаны сунушташты. Көмүскө күчтөр: «Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасы түзүлдү деп жарыя кыл да, өзүң четке чыга бер, калганы биздин иш» – дешти.

Алар Кыргызстанды Түштүк менен Түндүккө бөлүүнү менин колум менен турмушка ашыргысы келишти. Анткени жикчилдер өлкөнүн түштүгүндө Убактылуу Өкмөт менен теңата тирешкен менден башка саясый күчтөрдү көрө албай жатышты. Бирок мен акчага азгырылганым жок, жылтыр тыйындын айынан мамлекетимдин бүтүндүгүнө шек келтирүү оюма да келбеди. Менде бир гана максат, бир гана багыт бар эле: ал элибиз эзелтен эңсеп жеткен эгемендигибизди, Айкөл Манас атабыз мурас кылган кыргыз мамлекеттүүлүгүн көздүн карегиндей сактоо болчу!

Биз ошол оор кырдаалда тескери күчтөрдүн авантюрасына алынбай, кыргыз калкын экиге бөлүүнү каалаган жикчилдерге татыктуу жооп бердик, аларга баш көтөргүс сокку урдук! Ойлогон ою, тилеген максаты ишке ашпай калган соң ал жикчилдер мени: «Бакиевди сатып кетти» – деп ушак чыгарышса, Убактылуу Өкмөт тараптагы «досторум», тескерисинче, «бакиевчил» деген жарлык тагып жатышты. Бирок мен суу кечпеген бул кептерге терикпейм. Анткени эл алдында жүзүм жарык, абалтан Ошту бийлеп келишкен Ажы бий менен Алымбек датка атабыз, Абдылда бек менен Курманжан датка энебиз чыйыр салган улуу салтты татыктуу уланттым десем мактангандык болбос!

Ошол асыл инсандар башкарып турганда бөлүнбөгөн ордолуу Ош шаары алардын жетинчи урпагы саналып, алардын тарыхый эрдигине эрдемсип жүргөн менин мезгилимде бөлүнүп кетсе, Ошту реванш алууну эңсеген саясый жикчилдердин ордосуна айлантып ийсем мени касиеттүү кыргыз калкым эч качан кечирмек эмес. Бул тарыхый оор сыноодон мен татыктуу чыктым деп ойлойм. Тар жол, тайгак кечүүдө мени колдоп, ошол коогалуу күндөрү мамлекет бүтүндүгүн сактоого багытталган иш-аракетимди алга сүрөп бергени үчүн акылман элиме терең ыраазымын!

-Кээ бир чет өлкөлүк маалымат каражаттары тынч жаткан Ош шаарына тоодон түшкөн кыргыздар капылет кол салып, чатак ошондон тутанганын жазып чыгышты эле..

-«Чатакты тоодон түшкөндөр баштаганы» тууралуу сөздүн жайылышына дале болсо кырдаалды жеткелең түшүнбөгөн өлкө жетекчилиги күнөөлүү. Мисалы, Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева 2010-жылдын 30-июнунда Испаниянын «Эль Паис» гезитине берген маегинде:

«Эрте менен тоодон жинденген жаштар түшө баштады. Алар өкмөт мүчөлөрүн өзбектерди коргоп жатасыңар деп тик учагын ташбараңга алышты. Ошто адамдар аскер техникасын басып алып, тынч элге ок ата башташты», деп айтып жатса, көктөн издегени жерден табылган чагымчылдарга дагы эмне керек?

Ошол мезгилде парламентте кандуу коогалаң жыйынтыгы талкууланып жатканда Убактылуу Өкмөт башчылары биз согушту эки-үч күндө токтото алдык дешкен. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Улуттар аралык кандуу калаба Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн эмес, коомчулуктун күчү менен токтоду. Албетте, кооганы токтотууда укук коргоо органдарынын үлүшү аз деп айта албайм. Колдон келген аракетти жасашты. Бирок жарашуу жараянында башкы ролду коомчулук өзү ойноду.

-Сиздин кандайдыр бир нейтралдуу позицияңыздын аркасында Убактылуу Өкмөт түштүктө өз таасирин арттырган экен. Анда эмнеге 2010-жылдын июль-август айларында Убактылуу Өкмөт Сизди кызматтан четтетүүгө аракет жасаган? Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Мени кызматтан четтетүү аракети 7-апрель окуяларынан соң абдан күч алган. Ордума кимди гана «кудалашкан жок». Убактылуу Өкмөт Бишкектен бир топ «десантты» Ошко түшүрүүгө аракет жасады. Алар кандай гана болбосун мени кызматтан алып, «бакиевчил» деген жаман атка кондуруп, моралдык жактан тебелеп-тепсегилери келишти.

Бир эле мисал. 2010-жылдын август айларынын башында Бишкек шаарына чукул чакырып калышты. Ошол мезгилдеги башкы прокурор Кубатбек Байболов жана УКМКнын ошол мезгилдеги жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев менен жолуктум. Алар өз арызым менен кызматтан кетишимди талап кылышты. «Кызматтан кетүү боюнча атайын арыз жазбайм. Бирок, менин кетишим мамлекет үчүн зарыл болсо, кызматка тырмышпайм. Өткөөл мезгилдин президентинин Указы менен кызматтан алсаңар ала бергиле»-дедим.

К.Дүйшөбаевден чыксам Отунбаева чакырып жатат дешти. Ага кирдим. Аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев үчөөбүз сүйлөштүк. Кеп баягы эле мени кызматтан алуу жөнүндө баратты. Мага бир нече элчиликти, Жаратылыш байлыктары министрлигин, Токой чарба агенттигин жана Мамлекеттик материалдык резервдер дирекциясын жетектеп берүү сунушу түштү.

«Каалаганыңды тандап ал»- дешти. Көр дүйнөгө кызыккан башка бирөө болгондо, асмандан издегени жерден табылгансып, дароо макул болмок. Ордолуу Оштогу касиеттүү калкыма берген убадамды эстедим. Жигит деп мага үмүт артып отурса, мансап издеп оор күндөрдө аларды таштап кеткеним оң болбос. Алардын ишенимин актабасам жигиттик намысым өлбөйбү. Кызматсыз болсом да калкым менен чогуу болоюн деген чечимге келдим өзүмчө.

«Роза Исаковна, сөөк ыргытса баса калган, жугунду куйса ошого ыраазы болгон көрпенде эмесмин. Кааласаңыз кызматтан азыр алыңыз. Сизге капа болбойм. Сунуштаган кызматыңызга да барбайм, кызматсыз болсом да карапайым калкымдын ысыгына бирге күйүп, суугуна бирге тоңуп жүргөнүм жакшы»-дедим.

Акыры айласы кеткенде Роза Отунбаева: «Сиздин кетишиңизди Өзбекстандын президенти Ислам Каримов талап кылып жатат», деди. Мен: «Макул, элимдин тынчтыгы үчүн, коңшу мамлекет менен туугандык алаканы сактоо үчүн кетсе кетейин. Бирок, кызматтан кетем деп өзүм арыз жазбайм, мындай кадам кандуу калабадан көп улуттуу шаарлыктарды сатканга тете», -дедим. Р.Отунбаева кандай болбосун мени кызматтан кетирерин билдирди. Ортодо сөз андан ары уланган жок. Мен коштошуп, Ошко учуп кете бердим…

Кызматтан кетерим тууралуу эч кимге айтпай, үйдө Р.Отунбаеванын указын күтүп жатсам, Оштун борбордук аянтына калк топтолуп жатат деген кабар келип жетти.

Сураштырсам, борбордон Оштогу милиция, коопсуздук кызматына жана жергиликтүү жетекчилерге мэрди кызматтан алганда нааразы болгон элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө, эгерде тополоң чыгып кетсе-ага да даяр болгула деген кабар болуптур. Аны уккан милиция кызматкерлери тескерисинче, Бишкектеги бийликке нааразы болуп, Кара-Суу, Ноокат, араван, Өзгөн, Кара-Кулжадагы элге кабар жеткизген экен. Айтор, мени кызматтан алуу боюнча өткөөл мезгилдин президентинин чечимине нааразы болгон миңдеген эл 2010-жылдын 20-августунда, Орозонун улуу күнүндө, мээ кайнаткан аптапка карабай шаардын борбордук аянтына тынчтык митингине чыгышкан. Арасында кыргызы да, өзбеги да бар. Аларды эч ким атайын уюштурган эмес.

Мына ошол жерде бийликтин дарегине ачуу кептер айтылып, эл менин аянтка чыгышымды талап кылып жатышты. Үйүмө чабармандарын жөнөтүп, келбесем кескин чараларга барарын, керек болсо Бишкеке карай аттанышарын, андагы убактылуу бийликтин амирин канавайран кылууга даяр экендиктерин билдиришти. Дагы бир шойком болуп, ортодо отко май тамызгандар элди опуртал ишке айдап ийбесин деп калктын алдына чыктым. Элдин жаалынан корккон Отунбаева өз чечимин өзгөртүүгө мажбур болду. Муну мен эмес, ордолуу Оштун кыргыз-өзбек калкы талап кылганына убактылуу бийликтин көздөй болгон өкүлү Азимбек Бекназаров күбө болгон.

Элдин алдына чыгып: «Бири ойду караган, бири тоону караган ушул Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен Өзбекстан президенти Ислам Каримов сүйлөшпөсө деле керек. Ал өтө кыраакы, дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы. Кечээги коогалаңда акылгөй иши аркылуу улуттар аралык жаңжалдын тереңдешине жол берген жок, Орто Азияны чоң апааттан сактап калды. Ошондуктан Отунбаеванын ислам каримовдун мени кызматтан кетирүү талабын койду деген кебине ишенбейм» дедим.

Бул кебимди чогулган эл кол чабуу менен кабыл алып, эл кетейин десем да кетирбей койду. Бул шаардыктардын мага көрсөткөн дагы бир чоң ишеними болуп калды. Ошол кезде кызматты сактап калуу эмес, менин алдымда бир гана максат болгон. Ал шаардын коопсуздугун сактоо жана калкымдын бейпилдигин камсыздоо. Жетекчи үчүн мындан өткөн ыйык милдет жок болсо керек.Ал эми мекенчил позициямдан тайбашымды көргөн кээ бир саясий күчтөр мени акча менен сатып алууга аракет жасашты.

Ош коогасында өзбек сепаратисттери Өзбекстандан жардам күткөн деген божомолдор айтылып жүрөт. Ошондой болушу мүмкүн беле?

– 2010-жылдын 12-июнунан 13-июнга караган түнү Убактылуу Өкмөттүн түштүк аймактагы өкүлү, генерал Исмаил Исаков түнкү 24:00дө шаар жана облус жетекчилигин, ички иштер жана коопсуздук башкармалыктарынын башчыларын чукул жыйналышка чакырып калды. Барсак, Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын (ГРУ) жетекчилери, Куралдуу күчтөрдүн түштүк группасынын башчылары, шаардын жана облустун коменданты, айтор, бир топ генералдар топтолуптур. Генерал И.Исаков кыскача сөз сүйлөдү.

Чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, күндүзү Өзбекстандын Анжиян шаарына 20 атайын рейс менен самолетто тандалма жоокерлерди түшүрүптүр. Алардын максаты – Ош шаарына чабуул коюп, областтык жана шаардык жетекчилердин көзүн тазалоо, ички иштер жана коопсуздук башкармалыктарын талкалоо, негизги коммуникациялык түйүндөрдү иштен чыгаруу, шаардын инфраструктурасын тыптыйпылын чыгаруу жана аймактагы аскер күчтөрүн сүрүп салуу.

Өзбекстан тараптан кол салчу тандалма жоокерлердин саны 5000 адамдын тегерегинде болушу мүмкүн экендигин кыргыз чалгындоо кызматынын жетекчилери билдиришти. Алдын-ала маалымат боюнча, операция беш саатка созулат жана анын башталышынын белгиси катары таңкы саат төрттө азан айтылат.

Жыйналышта бир гана маселе талкууланды: мамлекеттик чек араны бекемдөө, аскер техникаларын согушка даярдоо, шаардын кварталдарында элдик коргонуу кошуундарын уюштуруу. Генерал И.Исаков жыйналышта: «Ош шаарында мэр Мелис Мырзакматов калат, сени менен шаардын коменданты Курсан Асанов болот. Сенин милдетиң Өзбекстан тараптан кол салчу тандалма жоокерлерге каршы туруп, шаарда жарандык коргонууну уюштуруу жана аялдар менен балдарды эвакуациялоо», – деди. Ортодо саамга жымжырттык өкүм сүрдү.

Бир аздан соң генерал И.Исаков: «Бизге кол салышы күтүлүп жаткан тандалма аскерлер кезегинде Тажикстандын Ленинабад шаарын, Өзбекстандын Анжиян шаарын бошотушкан. Аёо дегенди эгерим билбеген башкесерлер. Андыктан катуу даярданып, аларга татыктуу жооп беришибиз зарыл» – деп кошумчалады. Мен: «Шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшүрүп албайлы, анда душман менен күрөшүү абдан кыйындайт», – дедим. «Сен тополоңго алдырбай жарандык коргонуу уюштурасың» – деди мага жооп иретинде И.Исаков. Макул болдум. Аскер адамы эмеспи, К.Асанов да макулмун дегендей баш ийкеди.

Бирок жүрөктө кандайдыр бир түпөйүл сезим жандүйнөмө тынчтык бербей турду. Себеби шаарда коменданттык саат өкүм сүрүп жаткан. Мыйзам боюнча менин ыйгарым укуктарым комендантка берилген. Бирок шаардагы жарандык коргонууну мага тапшырды. Шаарда жалгыз өзүм калдым, аябай ачуум келди. Коркунучсуз бейгам күндөрү Ошто күтүрөп жүрчү Бишкектен келген чоңдор, аскер армиясынын башчылары жана областтын коменданты кайда кетти?

Кандай гана болбосун шаарды коргоо боюнча берилген буйрукту аткарышым керек эле. Чукул түрдө мэриянын кызматкерлерин, шаардык депутаттарды топтоп, Ошто жарандык коргонууну уюштуруу боюнча тапшырма бердим. Орун басарларымдын бирине абал оорлошсо аял жана жаш балдарды эвакуациялоону буйрудум. Экинчи орун басарыма шаардын көчөлөрүнө баррикадаларды уюштуруп, ыктыярдуу куралдуу топторду түзүүнү тапшырдым. Айтор, жарандык коргонуу боюнча зарыл болгон чараларды көрдүк.

Калаанын кире бериш дарбазаларына блокпостторду койдуруп, шаардан эркек кишилердин чыкпашын буйрудум. Бирок шаар калкы дүрбөлөңгө түшүп, колунан келгени үй-бүлөсүн алып Ошту тезирээк таштап кетүүгө ашыгып жатышты. Азыр айтсам боло берет, дүйнө топтогон киши коркок болот экен. Көбүнчө бардар турмуштагы байлар качып, оокаты орто же турмушу жакырыраак карапайым кишилер шаарды коргоочулардын алдыңкы сабында болушту. Аларга өмүр бою ыраазымын. Ата Мекен үчүн опурталдуу ошол оор сааттарда мен карапайым калкка таянып, алардан кайрат-күч алып жаттым…

Шаарды жарандык коргоо боюнча тийиштүү тапшырманы берген соң стратегиялык объектилерге коюлган блокпостторду түрө кыдырып чыктым. Күзөттө турган аскерлерди текшерип, дем берүү максатында алар менен эки ооз кеп алыштым. Андан соң жанымда күзөттө жүрчү беш-алты жигитти ээрчитип, шаардык мэрияга келдим. Шаардык кеңсенин ар бир кабатына жигиттерди күзөткө коюп болгон соң эшиктин алдындагы тепкичке көчүк бастым. Саатты карасам таңкы саат 03:20 экен.

Сырткы күчтөрдүн болжолдонгон чабуулуна дагы жарым сааттай убакыт калыптыр. Чылым тутантып, мэрияга кирчү таш тепкичте ойлуу отурдум. Мезгил токтоп калгандай туюлат. Шаарда тунжураган жымжырттык өкүм сүрүүдө. Жада калса иттин үргөнү, короздун кыйкырганы угулбайт. Көчөдө жылт эткен машиненин жарыгы эмес, өйдө-төмөн өткөн адамдын карааны көрүнбөйт. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тагдырды тобокелге салчу учур келгенин, керек болсо кара башты баталгага коюу зарылдыгын түшүндүм.

Күнгө 13-июнь эле. Тапанчамды кабынан чыгарып карасам 13 огу бар экен. Бир окту чыгарып, чөнтөгүмө салып койдум. Эгерде душмандар менен атышып жатып тапанчамдагы огум ада болсо акыркысын өзүмө колдоноюн деген ой менен. Ошо кезде мага жарандык коргонуу боюнча көрүлгөн чараларды маалымдоо максатында комендант Курсан Асанов телефон чалып калды. Андан аскерлердин күжүрмөн духун сурадым.

«Шаардагы бардык стратегиялык объектилерге коргонуу коюлду. Аскерлердин духу бийик. «Ким мени менен калып, шаарды коргогусу келет? Калгысы келгендер бир кадам алга» десем, аскерлердин баары алдыга чыгышты. Кашык каныбыз калганча ордолуу Ошубузду, ыйык Ата Мекенибизди коргойбуз» – деди ал. Сөзүнүн акырында мени менен коштошконсуп мындай деди: «Меке, балдарым жаш эле, эгерде согушуп жатып о дүйнө кетсем, ошолорго көз сала жүр, досум». Экөөбүз акыретте бир болууга макулдаштык.

Ошол учурда ушундай маанидеги «акыркы сөзүн» айтып калуу үчүн Ички иштер министрлигине караштуу «Шер» тандалма жоокерлер отрядынын командири, подполковник Бакыт Айыпов чалып калды. Ал мага жакын тууган болуп кетет. «Мелис аке, Сиздин өмүрүңүзгө коркунуч туулуп жатканын уктук. Ошон үчүн суранып жатып, отрядым менен шаарды коргоого чыктым. Биринчи чабуулду биз каршы тособуз. Мамлекетибиз чоң коркунучта. Бирок биз аны душманга тепсетпейбиз. Эгерде шейит кетсем туугандардын баарына айтып коюңуз, мен аларга эки дүйнөдө ыраазымын. Сөөгүмдү өз колуңуз менен аруулап жерге бериңиз. Мен Сиз менен сыймыктанам, Мелис аке» – деди ал.

Кыйын кырдаалда чогуу иштеген досуң менен жакын тууганыңдын коштошор керезин угуу абдан оор экен. Башыма ордолуу Оштун эртеңки келечеги кандай болот деген суроо келип жатты. Эгерде Ошту алдырып ийсек, анда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетип, улуттун туусу жыгылары анык. «Баланча Ошту башкарып турганда сырткы душмандар шаарды тебелеп, кыргыздын кызын күң, уулун кул кылган» – деп, тарыхта жаманатты сөз каларын ойлогондо жигиттик намысым ойгонду.

Саатты карасам таңкы 03:40 экен.

Кайрадан ойго чөмүлөм. Жанымда бир гана куралчан сакчы жүрөт. Калгандарын жарандык коргонууну уюштуруу үчүн шаарга о мурда эле жөнөткөнүмдү эстедим. Иш бөлмөмө кирип, орун басарларымдын коргонуу даярдыгын бир сыйра телефон аркалуу текшерип чыктым. Сааттын чыкылдаган жебесин карайм. Убакыт токтоп калган сыяктуу сезилет. Ар бир мүнөт кылымга тете болуп чыкылдап жатты. Негедир акыретти эстейм. Анткени мен да Курсан Асанов менен Бакыт Айыпов сымал эле Мекеним үчүн өлүмгө даяр болчумун. Кайрадан саатты карайм, сааттын жебеси токтоп калгандай туюлат…

Бирок, ушул маалда Оштогу абалды ошол саамдарда бир дагы жогорку даражалуу жетекчи сурап койбоду. Мага жарандык коргонуу уюштур деп тапшырма бергендер ал иштин даярдыгы кандай жүрүп жатканынан кабар да алышкан жок. Кумга сиңгендей өздөрүнүн дабышы билинбейт. Өкмөттүк телефондор унчукпайт. Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсүнө шаардагы абал тууралуу маалымат берейин деп телефон чалсам жооп болгон жок. Кыязы, терең уйкуда жатса керек…

Күткөн мезгил келип, таңкы саат 04:00 болду. Шаардагы мечиттерден азан айтыла баштады. Ордолуу Оштун биз күткөн тагдыр чечер мүнөтү келди. Атышуу качан башталат деп айланага кулак түрөм. Жанымдагы жансакчым автоматын колго алып, атышуу үчүн ыңгайлуу жай даярдап жүрөт. Дароо Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Рыспек Мырзаматовго телефон чалып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды сурадым. «Чек ара тынч, кол салган эч ким жок» – деди Р.Мырзаматов.

Беш мүнөттөн соң ага кайра телефон чалдым. Дагы тынч. Ошентип таңкы саат 5ке чейин телефон менен байланышып турдум. Чек араны бузган душмандын карааны көрүнбөйт. Саат 5те айланага жарык толук түштү. Айкөл Манас атабыздын руху колдодубу, же Тилеке баатыр менен Алымбек датканын улуу деми болдубу, айтор, ал күнү Ошко эч ким бастырып келген жок. Кийин билсем, бул Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун акылдуу саясатынын жемиши экен. Ордолуу Ош элинин атынан ага чоң ыраазычылык билдиргим келет. Дагы бир жолу айтайын, көсөм чечими менен Борбор Азияны чоң апааттан сактап калды!

Сырттан душман келбесе да оор учурда жумуш ордумду таштап кетпей, аскерлер менен аралашып жүрүп өз шаарымды сактап калдым деп эсептейм. Кыйын кырдаалда элимдин алдыңкы сабында болуп, душман менен кашык каным калганча кармашууга даяр элем. Таң супа салганда: «Элиме «каруумду казык, башымды токмок» кылып кызмат кылам» – деп дагы бир ирет Жараткандын алдында сөз бердим. Ошол оор мүнөттөрдө Мекен чегин коргоо үчүн башын саюуга, жанын кыюуга даярдыгын билдирген кыргыздын эр жүрөк азаматтарына таазим этем. Бирок кийин Ош коогасынан пайда издеген жасалма «баатырлар» чыкты. Ой-тобо, алардын ошо түнү жасаган «эрдигин» укканда аргасыздан жакамды карманам.

-Конфликт учурунда жалданган адамдардын кармалгандыгы айтылган эле?

-Жалданма адамдар кармалды дегендер тирүү, арабызда эле жүрүшөт. Жалданмалардын колго түшүрүлгөндүгүн жөнөкөй адамдар эмес, аскер адамдары, Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаров баш болуп борбордук телеканалдардан айтышкан. Жалданмалардын ок атуучу куралдары тууралуу да маалыматтар таратылган. Бирок бул маалыматтардын аягы жабылып калды. Эмне үчүн? Бул табышмактуу маалыматтар эмнеге аягына чейин изилденбей калды, аны коопсуздук күчтөрүнөн жана Убактылуу Өкмөттөн сураш керек.

-Айтсаңыз сиз, июнь окуяларына кайсы бир мезгилде акыйкат баа берилет деп ишенесизби?

-Сөзсүз! Анткени ушунча төгүлгөн кан, ушунча энелердин көз жашы, жетим калган наристелердин зары эч качан жөн жаткырбайт. Кайсы бир күнү күнөөкөрлөр жазасын тартат деп ишенем.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он эки − 11 =