Мурза Гапаров: “Таенемди эстедим, жанагы эчкилерди, аны кайтарган өзүмдү эстедим”

Каганат.

Прозаик жана драматург Мурза Гапаров 1936-жылдын 22-мартында Ош облусунун Ноокат районунда колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Анын ысмы кыргыз адабиятында 1960-жылдары белгилүү боло баштаган. Жазуучунун айтымына караганда, анын “Күнөстүү арал” аттуу чыгармасынын жазылып калышына өзүнүн көргөн түшү себепчи болгон экен.

“Күнөстүү арал” повестин жазарда түшүмө Сялма таенем кирген.., керемет адам эле. Ал киши бир короо, тагыраак айтканда, мен бала кезде кайтарып жүргөн бир көгөн эчкилеримди алдына салып алып, ушул эле Бишкектин баш көчөсү – азыркы Чүй, андагы ХХII партсьезд көчөсүнөн, Дзержинский бульварынан “Ала-Тоо” кинотеатрын беттеп өтүп баратат.

Автобус, троллейбус, машинелер биринен сала бири тынбай өтүп жатат. Мен кыйкырып атам: “Таене, этиет бол, машиненин астында каласың.” Таенем уккан жок, ошол камырабаган бойдон эчкилерин айдап өтүп кетти. Мен ойгонуп кеттим дагы, көпкө чейин лакылдаган жүрөгүмдү баса албай койдум. Таенемди эстедим, жанагы эчкилерди, аны кайтарган өзүмдү эстедим. Мындайча айтканда, бала чагыма кайтып бардым.., менин бактылуу мезгилим, күнөстүү аралым экен.”

Бул үйдө эч ким бири-бирин эрте менен ойготушчу эмес. Ар кимиси ойгонору менен шаша-буша жуунуп, шашып тамактанаар эле. Баары эле жалгыздан шашып отурушуп, ар тарапка чуркап жөнөшчү.

Алар чогу жашап жатышып эле бир күнү жат болуп калышты…

Адаттан арылуу уйга жүгөн салгандай эле…

Менин милдетим – тартиптүүлүктү жана мыйзамды сактоо эле. Бул жерде болсо, тилекке каршы эч ким аны бузчу эмес. Баардыгы жумуш менен алек, мыйзам жана тартип бузганга убактылары жок.

Милиция кылмыш болгон учурда гана милиция. Эгерде кылмыш жок болсо милициянын эмне кереги бар? Ал эми кылмыш бар жерде милициянын аброю да бар.

 

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

төрт + сегиз =