БШК: Президенттик шайлоолорду прокуратура көзөмөлгө алат

0

Каганат.

 Президенттик шайлоолорду прокуратура көзөмөлгө алат.   

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын   төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекова талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүп, бардык эрежелер сакталарына кепилдик берилээрин  айтты.

Ошондой элде “БШК шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр”, — деди Шайлдабекова.

Эске салсак, талапкерлерди көрсөтүү бүгүн башталды.

Үгүт иштери 10-сентябрда старт алып, добуш берүүгө бир күн калганда – 14-октябрда токтотулат.

Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

алты + жети =