Эгерде телефонуңузду сууга түшүрүп алсаңыз…

0

 Каганат.

   Кээде досторубуздан телефонун сууга түшүрүп алып иштебей калды деп калгандыран көп эле угуп калабыз. А бирок ошол учрда  смартфонуңуз  иштебей калбаш үчүн кандай нерселерди кылууга  болоорун билбесек керек.      Эгерде сиз кокусунан телефонуңузду   сууга түшүрүп алсаңыз,  эмне кылуу керек экендигин билип алыңыз. Төмөнкү кеп кеңештер сиздер үчүн болмокчу.

Эмне кылууга болбойт!

 Телефон сууга түшүп кетсе, аны  дароо чыгарып алууга  аракет кылыңыз. Эгер телефон өчпөй жанып турса дароо өчүрүңүз. Себеби анын ичине кирип кеткен суу металлдарга жетип, алардын ортосунда электрдик кыска чыңалууну пайда кылып, схемаларды керектен чыгарып коёт. Ал эми өчүп калган болсо эч качан жандырууга шашылбай, тескерисинче, батарейкасын чыгарыңыз.Ошондой эле тезирээк суусу чыксын деп силкигенге, чапкылаганга болбойт. Мында суу телефондун ички бөлүгүнө андан ары да тереңдеп кирип кетишине жол ачылат. Ал эми батарейкасын дароо чыгарууга мүмкүн болбогон iPhone өңдүү телефондордун суусун бир сыйра кургаткан соң аны оңдой турган жайга алып барганыңыз туура.

Эмне кылууга болот!

Биринчиден телефондогу батареяны алып таштап, сим картаны уячасынан алып чыгыңыз. Сим картаны канчалыкты тез чыгарсаңыз анын ичиндеги маалыматтарды сактап калууга мүмкүн болмокчу. Телефонду үйлөп, сүлгү менен сүртүп кургатып алган оң. Андан кийин телефонду күрүч салынган тарелкага салып коюңуз. Күрүч телефондогу калган нымды өзүнө сиңирип алат. Телефонду күрүч салынган тарелкадан алып, анын бетин кургак чүпүрөк менен сүртүп, сим карта менен батареясын ордуна орнотуңуз. Сиздин телефон кайрадан иштеп баштайт.

Эгер сиздин телефон баткака же унитазга түшүп кетсе, аны антибактериялуу же спирт майлыгы менен сүртүңүз.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × үч =