Салянова: “Кылмыш ишин сот кыскартпай турганы белгилүү болчу”

0

Каганат.

Бүгүн, 16-июнда Ленин райондук сотунда судья Кубанычбек Касымбеков депутат Аида Саляновага карата козголгон кылмыш ишин карады. Анын жүрүшүндө жактоочу Чынара Жакупбекова Салянованын ишин кыскартуу тууралуу өтүнүч келтирди. Судья аны четке какты.

“Чечим белгилүү болчу. Соттук отурум белгиленгенден баштап мыйзам бузулгандан кийин ушундай чечим болору белгилүү болчу. Бул сот процессинин башталышы эле. Дагы тиешелүү өтүнүчтөрүбүз бар”,-деди Салянова.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 5 =