Айымдар үчүн ашканадагы кеп кеңештер

0

Каганат.

 

  • Компот кайнатуу учурунда көпкө кайнатпоо керек, себеби болгон витаминдер жоголуп кетиши мүмкүн.
  • Дрожждун колдонууга болоору же мөөнөтү өтүп кеткендигин билүү үчүн, кайнак сууга салабыз, эгерде көтөрүлүп өйдө жакка бөлүнүп чыгып калса колдонууга жарайт.
  • Фасоль же буурчакты бышырууда тез бышсын десеңиз, кайнагандан кийин ар бир 5-10 мүнөттө 1 аш кашык суу куюп туруу керек.
  • Билишибизче кызылча көптө бышат 2-2,5 саатта. Батыраак бышыруу үчүн 1 эле саат кайнатабыз дагы, 10 мүнөткө крандан аккан муздак суу астына коюп койсок даяр болуп калат.
  • Биз ашканада колдонгон тактайчаларды тазалап жана жагымсыз жыттан арылыш үчүн, лимон менен сүртүп туруп үстүнөн туз сээп 10 мүнөткө коюп коёсуз дагы жууп саласыз.
  • Чеснокту микротолкундуу мешке 10секундка коюп койсоңуз, кабыгын тазалоо ыңгайлуу болот.
  • Бышырып жаткан шорпоңуз ашып кетпеш үчүн, каструльдун үстүнө жыгач кашыкты коюп коюңуз.
  • Бышырып жаткан макарон же күрүч бири бирине жабышып калбашы үчүн(курамында крахмал болгондуктан), бышырып жаткан сууга 2 аш кашык суу май же оливка майын кошуп бышыраңаз.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 13 =