Сынган Кылыч: Мусулманкулдун Нүзүп аталыкка каршы чыгышы

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

V

Элеттин бейгам тирилиги канына сиңип, ошого жараша баёо өскөн Шерали ордонун шаани-шөкөтүнүн, сылык зыяпатынын арасына өзүн жоготуп, акырет жөнүндө ыйлап кеп урган кишилердин үрөйүнө, ширин тилине багынып, алтын буюмдарды балача кармалап таңыркап, жоош момун хан чыкты. Ордонун ишине аралаша албады.

Жанына дин кишилери көбүрөөк топтоло баштады. Ар күнү керели-кечке пайгамбарлар менен оулиялардын өмүрү жөнүндө жомоктогон китептерди окушуп, маанисин Шералиге майдалап түшүндүрүшүп, тиги дүйнөнү, андагы күнөөкөргө даяр турган кыйноо, дозок оту жөнүндө кулагына куюшуп жүрөгүн үшүтүп, эң акыры түндө уктабай зикир салып кызыганда чарк айланып ак уруп чыга турган сопулардын тобуна убагы менен катыштырып турууга жетишишти.

Ордо турмушунун бир тарабы минтип бул жарык дүйнөнүн тирилигинен кечтирип жатса, бир тарабы таттуу шарапка суугарып, алдына сулуу кыздарды чоюлтуп бийлетип, «жыргап кал, эки келбейсиң» дешип, башын тегеретип жатышты.

Амир Насурулла Фаргана колунан кайра чыгып кетишине эч келише алган жок. Дагы бүт кошунун баштап басып кирди да, оболу Оро-Төбө вилаетин алып, анан Кожон вилаетин каптап өтүп, бат эле Кокон шаарынын өзүн камап келди. Кокондуктар катуу коргонушту. Казынанын кошунунан башка да, курал кармоого жараган эр бүлөдөн сансыз каракелтек жыйналды. Шаардын он сегиз дарбазалуу чебинин кырына коргонуучулар быкырап толуп, душмандын чабуулдарын төштөрү менен тосуп жатышты.

Каардуу амир Насрулла дарбазалардын босоголорунан эч кыргын үзүлтпөй, чыпчаң кырк күнү тыным бербей, тогуз жолу бүт күчүн кумурскадай жабылтып, дубалга тырмыштырып, катуу кысым жасады. Тогуз жолу тең мизи кайтты. Эмне кылуу керек? Үшү тайып, амир Насрулла айла жолуна өттү. Ордого элчи камдады. Элчинин милдети кокон ордосунун ээси кайдагы бир көчмөн эмес Шерали экендигин Шералинин эсине салуу, Бухара-и-Шарифтин адил амираны карөзгөй көчмөндүн колуна зордукталып кеткен атамурас бийлигин Шералиге толук алып бериш үчүн гана алыстан келип тургандыгын ишендирүү, коргонуучулардын биримдигинен эптеп бир жарака издөө болду.

Элчи Абусатар Калпаны Нүзүп дарбазадан куралдуу киши менен тостуруп алды. Элчи алдына киргенде, Нүзүптүн жанында Абил жүзбашы гана бар эле. — Кулак сенде, элчи… —деди Нүзүп өйдө карабай отурган калыбында. Элчи Шерали-хандын өзү менен гана сүйлөшүүгө жиберилгендигин кыйытып түшүндүрдү. Нүзүп чала угуп калган сыяктуу, кашын көтөрүп элчини бир пас тиктеп, муздак жылмайып койду. Көп өкүмдарлардын кабагын көргөн кыйды Абусатар Калпа ичинен чоочуп калды.

— Кабыл кылып калгысы бардыр… Күтө турабыз да, элчим?

— Куп, таксыр… Элчи Абусатар Калпа сылык таазим кылып, акырын кетенчиктеп чыгып кетти. Абусатар Калпа ордонун ичинде күн батарга чейин отурду. Хандын алдына чакырып эч ким келбеди. Кирген, чыккан киши көп. Аскер адамдары калдастап жүрүшөт. Элчини караган бирөө жок. Эстен чыгарып коюшкан сыяктуу. Бешим намазына чакырган азанчынын үнүн бейдаарат отуруп укту. Намазы да каза болду. Акыры ирешире күүгүмдө, зарыккандан ичи жарыла турган болгондо, хандын кабыл кыла тургандыгы жөнүндө кабар болду. Шерали такта отурган экен. Элчи Абусатар Калпа чекеси жерге тийгенче бүгүлүп таазим кылып салам айтты. Эч ким алик албады.

— И, эмнеге келдиң? — деп, Шерали-хан корс сурады. Элчи бир серп таштап, отургандарды көздөн өткөрүп алууга үлгүрдү. Оң жагында Нүзүп отуруптур. Элчинин жүрөгү кабатыр боло түштү. Бирок, жадырап туруп:

— Өкүмдар! — деп шаңдуу үн салып, жеңинин ичинен бир ором кагаз алып, оболу өзү дароо тооп кылды да, кош колдоп, бүгүлүп алдына кармады.

— Бухара-и- Шарифдин бекайбат амираны сейид Насурулла-батырхандын куунап жаткан Фаргана журтунун сиздей бактияр эгесине, хазрати Амир Темир Көрөгөндүн сиздей анык тукумуна күндөн нурлуу, күндөн жылуу, ыйык дуба-и-салам апкелдим! Хандын жообун күтүштүбү, катышып отурушкан кишилер дем тартпай калышты. Элчини таң калтырып Шерали өзү да унчукпады. Ачуулубу? Кабыл кылбай турган баштанып турабы? Элчи акырын баш көтөрүп, тик багып тиктебесе да, алдыртан хандын кабагын байкап, жүзүнөн таарынган баланын кебетесин көрдү. Кыйды элчинин жүрөгү жылый түштү. Шерали унчукпаган бойдон, дубайсалам кагазды акырын алып, сол жагында отурган кат окуучу ынагына берди. Ал киши леп обдула калып, дубайсалам кагаздын оромуна бат- бат жазып жиберип, окумакка бийик кармай берди. Элчи туталанып кетти:

— О, өкүмдар! Дуба-и-салам жалгыз өзүңүзгө гана арналган эле. Шерали бир жооп айтышка үлгүрө электе, баятан бери жука эрдин бек кымтып кумсарып отурган Нүзүп жарылып кетти:

— Шады! Токтот! Окуба жашырын болсо!

— Куп, аталык…—деп Шады ынак кымырылып калды. Шерали далдырады. Нүзүп ачуудан кычыктары кызара түшкөн көздөрүн Абусатар Калпаны атып тиктеп, жука эрди титиреп:

— Жашырынбы! Куйтуңдайсың, түлкүнүн куйругу! — деди өзүн токтото албай.

—Билем сенин түтүк кагазыңдын ичиндегиңи! Абусатар Калпа апкаарып калды. Ал далайды көргөн киши эле. Ордо сылыктыгын тепсеген мындай өктөмдүктү эч жерден көргөн эмес болучу. Хан атагы бар го акыры, бирдеме деп жазылтып коёбу деп, Шералини карады. Хандын кирпиги гана кыймылдайт, сөз түгүл элтейип оозу кургап отурган эле. Ошол жерде бир гана Шады ынактын көзү тымызын чагылыша калып, жылуу учурап турду. — Таксыр! — деп Абусатар Калпа чыйрала түштү.

— Мен бар болгону буйрук аткарып жүргөн кулмун… Нүзүп биртке жумшара калды:

— Гм…—деп, биртке ойлонгондой боло, анан Абусатар Калпаны көзүнүн кыйыгы менен тиктеп, акырын кеп урду:

— Илгери бир көпкөн уул болуптур.. Кулак салып тур, элчи…

— Кулак сизде, таксыр…

 — Тириликке көнүксүн деп, көпкөн уулду отун- сууга жумшай баштаптыр атасы. Отунга барса эле бат эле отун алып келип калат имиш. Бир күнү атасы сураптыр дейт: «Ие, уулум, токойдо отун көп бекен? Бат келдиң го бүгүн да!» Анда уулу: «Алынуу турган отун меники да! Барам да жүктөп алып баса берем!» — деп жооп бериптир. «Ой, уулум, отунду алып койгон ээлери эмне дейт?» «Йе, ата… ээлери деп коёсуз а! Мага өзүлөрү жүктөп беришпейт бекен! Жүктөп беришпей көрүшпөйбү!» Уулунун бул сөзүн угуп:

«Гм… — дептир атасы, — зордуктап алат турбайсыңбы, мындан келди…» Мунусу бул болот. Кийин көпкөн уул тегирменге барса тез келип калат имиш. Бир күнү отуруп атасы: «Уулум, тегирмен бош бекен? Эл кыштыгын камдап жаткан учур. Бул учурда тегирмен бош болчу эмес эле. Бат эле тартып кирип келдиң го бир улоо буудайды!»—деп, кабатыр болуп дагы сурайт.

«Йе, ата… сурайсыз а! Бир кулжуйган неме талкан тартып отурган экен, атасынын көрү, бардым да жүгөрүсүн чанактан чыгартып таштап, буудайды салып, мына тартып алып баса бердим!» Ошондо көптү көргөн ата бул акылды айтыптыр уулуна:

«Уулум, көзүңө карап жүр. Катылар кишиңди таанып туруп катылып жүр. Төшү түктүүгө жолугуп каласың». Уулу атасын шылдыңдап күлүп: «Көрөр элем ошол төшү түктүүңүздү!» — деп көөдөнүн көтөрүп коюптур. Мунусу бул болот. Көп күн өтөт. Бир күнү дагы тегирменге кеткен уул кечке жуук бети-башы жарылып, сууга түшкөн иттей шөмтүрөп, кайра келиптир дейт, «И, эмне болду, кокуй?» Уул калтырап унчуга албайт.

«А, төшү түктүүгө жолуккан окшойсуң го!» Кай бирөө чын эле алы жетпей, кай бирөө бөөдө жаңжалдан качып, а кай бирөө кадырлуу атаны сыйлап, тааныган жерде балага эч ким кол кайтарчу эмес экен да. Эсирген кишинин көзүнө сыйлоо корккон болуп сезилет. Бала биротоло кутуруп сала берген турбайбы. Тегирменге ошо барышында да, адатынча барары менен: «Чыгар! Чыгар дейм! Мен тартам!» — деп кыйкырып кирсе, тегирмен тартып отурган бир азамат: «Машайыктын тукуму болсоң да, ушу сеники жетишти!» — деп, тура калып, жакасынан муунта кармап туруп, дубалды сүздүрүп-сүздүрүп, көөлүгө тебелеп, анан коё бериптир дейт. Эмне десин атасы буга? «Айтпадым беле, төшү түктүүгө жолугуп каласың деп. Эми көзүңө карап жүрө турган болгондурсуң!» — деп тим болгон экен. Түшүндүңбү, элчи?

Элчи Абусатар Калпа чыдай албай:

— Аталык! Динисламдын зулпукары Насурулла- батырханга бул тамсил өтө пастык кылат! — деп жиберди. Нүзүп кашын көтөрүп карады:

— Эмне? Орто дым боло түштү.

— Пастык кылат? Сен амириңдин ким экенин билесиңби? Насурулла амир эмес, Насурулла бир карөзгөй! Кайсы атасы өкүмдар болду эле? Самаркандын, Бухаранын ээси ким? Амир Темир! Мына Амир Темирдин тукуму! — Нүзүп Шералини сөөмөйү менен көрсөттү.

— Мына мураскору! Насрулла камалаганды коюп, бирөөдөн дубайсалам жибергенди коюп, өзү жөрмөлөп келсин Шерали-хандын алдына! Уктуңбу? Камчысын мойнуна салып келсин! Акылына бирдеме илеше баштадыбы, Шерали- хан да кабагын чүрүштүрүп:

— А энеңди…—деп обдулуп калды. Элчи Абусатар Калпа сөз кайрымакчы болду эле, Нүзүп чаңырып жиберди:

— Бас оозуңду! Түгөндү сөз! — Баш кесмек бар, тил кесмек жок, таксыр! Шерали тактан тура калды:

— Ой, энеңди… Эмне үчүн баш кесмек бар? Эмне үчүн тил кесмек жок? — деп, бети кызарып ачуусу келип, улагада турган эки жигитке көзүн шилтеп жиберди.

— Алгыла! Муну… Жүрөгү чыгып, жүзүнөн бардык сыры күбүлүп, Нүзүптүн бутуна жыгылып түшкөн Абусатар Калпаны жигиттер эки бутунан алып дырылдатып сүйрөп жөнөштү.

— Токтогула! — Нүзүп жакын басып келди да, элчини эңкейип тиктеди.

— Элчиге өлүм жок, жаныңдын арачысы ошол, тур өйдө… —деди акырын. Абусатар Калпа калтырап тура баштады. Нүзүп:

— Насрулла көп эсирбесин, төшү түктүүгө жолугат. Муну айтып бар. Бухаранын анык ээси Шерали- хан. Муну айтып бар. Уктуңбу? Жөнө! Абусатар Калпа чубалып жаткан селдесин жыйнашка чамасы келбей ийрилтип сүйрөгөн бойдон бүгүлүп кетенчиктеп чыга жөнөдү. Тыштан эки аскер адамы аны дарбазага чейин узатып барышты да, эсен-соо шаардан чыгарып салышты. Катуу ыза болуп калды амир Насрулла, бирок оюнан кайткысы келбеди. Ошол түнү Нүзүп шаардын коргонуу башчылыгын Мусулманкулга тапшырып, өзү аскердин жармысын алып Кокондон чыгып кеткен эле. Анжияндагы, Төрө-Коргондогу сыпайларды карамагына чакырып, кийинки күндөрү алсыраганы билине баштаган амир Насрулланы ачык талаага беттешүүгө тартмакчы болду.

А амир Насрулла сүйүнүп Коконго дароо дагы элчи киргизди. Бу сапар мурдагы элчиге көзү жылуу учураган кишини колго алып, ошол аркылуу Шерали менен кандай да болсо эптеп бир шартнама түзө салып, Нүзүптүн аталыктыгын жоюп жиберүүгө үмүттөндү. Экинчи элчи көзү жылуу Шады ынакка жетти. Бирөк Шерали такыр сүйлөшпөй койду. «Нүзүп жок… мен эмне дейм…» — деп, Шады-ынактын ымына да кирбей, үңкүйүп отуруп алды. Эң жадаганда, үтүрөңдөп ачуусу келип, Мусулманкулду чакырды да: «Муногуну көзүмө көргөзбөй кетирчи!» —деп жиберди.

Мусулманкул ошол замат эки сарбаз чакырып, аларга бирдеме деп буйрук кылып, элчини алдына салып берди. Сарбаздар элчини туткун сыяктуу түрткүлөп айдап, шаарды аралатып отурушуп, замбиректер орнотулган өңүткө апкелитти да, тырмышып келип кырылган бухаралык жоокерлердин көп өлүгүнүн ортосуна отургузуп, дүрмөттүү эки замбиректи аны көздөй мелжеттирип, милтесип түтөттүрүп, жанына замбирекчилерди каратып коюшту. Замбиректин огуна бүрктүрөт турбайбы! Ушундай жаман абалда, жанынан такыр түңүлүп, боору титиреп, ажалы менен тиктешип, элчи керели- кечке отурду. Көз байланган кезде гана сарбаздар дарбазага алпарып, көчүгүнө бир тээп тышка чыгарып жиберишти. Коконду алыштан эми түңүлдү амир Насрулла.

Ошол учурда анын жоктугунан пайдаланып Хива ханы Бухарага каршы ниеттенип кыймылдап калган имиш деп угуп, жүрөгү атып кетти да, шаарды камалоону дароо токтотту, тез артка чегинип, жолдун оңутуна бет алды. А Нүзүп кошумча күчтөр топтоп, он миңдей атчан менен жолдорду бөгөп калууга үлгүрүп калган эле. Амир Насрулла капыстан туюкка камалган жырткычтай алдастап, бүт күчүн бириктирип, Кокондун томсоргон боз дубалы менен Нүзүптүн түнөргөн атчандарынын ортосунан түйүлгөн темир муштум болуп жарып чыгып кетем деп, бир багытты карай кара селдей чамынып катуу чабуулга өттү.

Нечен жылдар бою кураган, куралдандырган, таптаган бухара амиратынын даңктуу кошуну ошол бир күндө быт-чыт болду, амир Насрулла жарымына жакынын араң куткарып чыгып, артын карабай жүрүп кетти. Нүзүп ордого дагы салтанат менен кирди. Ушундан соң ордо мурдагы чектерди калыбына келтирүүгө киришти. 1843-жылы Шералинин экинчи уулу Малабекти жанына алып, Нүзүп Ташкенге жүрүш кылды. Ошол кезде Ташкенди дагы эле бухара амиринин атынан Ма-Шериф деген бирөө бийлеп турган болучу. Ташкендин сыртында Шор-Төбө деген жерде Ма-Шерифтин аскерин талкалап, өзун колго түшүрүп, Нүзүп шаарга кирди.

Амир койгон амалдарлардын бири калтырылбай баштары алынды. Нүзүп Ташкенге жаңы бек коюп кайтты. Көп өтпөй, амир Насрулланын тукуруусу менен, Алимхандын Самарканда жан сактап жүргөн уулу Ибрагим бек жигит курап, так талашып, Кокон хандыгынын чегине өтүп, Лейлекке келди. Нүзүп боюн качырып, бул жаңжалга түздөн-түз катышпай, баягы Таластан бери аттанарда Шералиге Ажыбай датка кошуп берген Сыйдалы бекти арбын кол менен Ибрагим бекке каршы жөнөттү.

Сыйдалы бек Ибрагим бекти жергиликтүү калк менен түзүк колдоо алууга ” үлгүрө элегинде, капыстан басып, анын азгантай ээрчиген жигиттерин кууп кырып салып, өзүн колго түшүрүп келди. Тактын экинчи мураскорун сактап отуруу керекпи? Эмне кылуу керек мындай учурда? Бир гана жол. Тез көзүн жоготуу керек. Нүзүп мунун баарын билип турду. Бирок, түз өзү буйрук бергиси келбеди. Не кылган менен, хан тукуму Ибрагим бек, болгондо да, бул хандыктын пайдубалын тургузган атактуу Алим- хандын баласы. Муну өлтүрүп, канын, доосун мойнуна алгысы келбеди. Такта Шерали отурат. Өлтүрсө Шерали өлтүрсүн.

Канын, доосун, бул дүйнөсүндө да, тигил дүйнөсүндө да, өзү тартсын. А Шерали эмне кыларын билбеди. Эч убакта киши өлтүрүүгө өз алдынча буйрук берип көрбөгөн. «Өлтүрбөй койсо эмне болот. Жүрө берсин да бир күнүн көрүп…»—деп шалдырады Шерали. Нүзүп ийнин кысты: «Өзүң бил. Тууган сеники. Душман сеники. Сенин тагыңды талашат. А так деген бирөө. Же сенде калышы керек, же ал сенден бир күнү тартып алышы керек. Сен аны өлтүрбөсөң сени ал өлтүрөт. Бийликтин иши ушул. Өзүң бил…» Эми эмне кылат Шерали?

Башта эч акыл салбай иш кылган Нүзүп минтип ага түртө салып карап туруп алды. Кимден акыл сурайт? Башка ынактары да, башка ордо кишилерди да, тактын экинчи мураскору болбосу зарыл дешип, Ибрагим бекти тезинен өлтүрүү керектигин далилдеп туруп алышты. Эң акыры айласы куруганда, салбырап жер тиктеп отуруп, макул болуп: «Бир башка жерде өлтүрсөңөр, менин көзүм көрбөсүн…» — деп суранды Шерали. Бул хандын буйругундай болбой, бир жалдыроо сыяктуу болду. Эртеси күнү Ибрагим бектин башы Япан деген бир чет кыштакта алынды.

Ушул окуядан кийин, башта эле «бош» атыгып жүргөн немеге, эми «атала», «шавла» деген кеп ээрчип ордо кишилеринин гана арасында эмес, чайканаларда, базарларда да күбүрөп тарап кетти. Шерали бүт өмүрүн бейпил тоо арасында, жылкы артында өткөрсө, өмүрүндө бир кишиге чоң сүйлөп көрбөсө. Ал хан атанып, минтип башына тажы кийип отурган кезинде да бекайбат Нүзүп аталык түгүл, ордодогу майда амалдарлардын бирине ушул күнгө чейин бирдеме деп катуу айтып, буйрук сүйлөп көрө элек.

Анын ушундай тартынчак, корунчак мүнөзү күн өткөн сайын кемчилиги, мококтугу, жамандыгы катары бааланууга өттү. Өзгөчө Нүзүптүн ичи жаман кутумдары хан туруп Нүзүпкө мурдунан жетелетип калгандыгы үчүн эч кечире алышпады.

 Нүзүп өз билгенинче хандыктын ички иштерин жөнгө салууга киришти. Ич ара кармашуунун майданы болуп, улам талоонго кабылып, өлкөнүн отурукташкан катмары, чек арага жакын шаарлар көп жапа көрүп, эгин айдалбай, соода жүрбөй, жалпы жакырлануу башталган эле. Нүзүп эгинден казынага алынуучу салыктарды, соодадан алынуучу салыктарды керектүү убакка чейин деп токтотту. Эптеп эле бир шылтоо болсо казынаны талап турган амалдарларды катуу теске салды. Ордонун өзүнүн да обу жок чачына берүүсүн тыйды.

Казынаны аёосуз соруп жаткан дагы бир курсак бар болучу. Ал — казынанын мүмкүнчүлүгүнөн ашык аскер тутуп туруу. Нүзүп иш жолунда буга да келип урунду. Жортуул жок, камоол жок, жаак көп. Ал аскердин уюткусун гана сактап калды да, канчалык кооптуу болгонуна карабай көпчүлүгүн таратып жиберди.

Ал өзүнө караштуу жүздөрдөн Абил жүзбашыны башчы кылып, өз жанына алып жүрүш үчүн тандап жүз гана жигит алып калды да, калган самсыган атчандарды бүт кетирди. Буларды багып отуруунун кажаты жок, түтүнгө атчан, түтүнгө куралдуу элет эли керегинде жер түтөтүп тоодон куюгуп чаап түшүп келе берет деп болжоду ал. Өңгөсүнө кайыл болушса да, мурдагы өкүмдарлардын убагында хасаги болуп (жеңилдик алып) жаман көнүп алган бектер, амалдарлар, казыйлар казынадан бир, өз алдыларынча калктан бир түшүрүп алып турган кирешелерине чек коюлушуна, а күндө сайран кылып кечкиртип жашаган ордо кишилери, оюну, шааниси болбосо ордо болчубу дешип, артыкбаш зооктордун тыйылышына ыраазы болушпады.

Нүзүп көп душман арттырып алганын өзү билип эле жүрдү, бирок өз кубатына, укугуна ашыкча ишенип, эч чоочунуп койбоду. Ушундан акыры мертинерин так билген күндө да, ал бул жолунан кайтпайт болучу, көчмөн тирилигине эң зарылынан тышкары, артыкбаш, пайдасы жок шаани- шөкөттү билбей өсүп, ошого адаты, акылы ылайыкталып калган киши бу менен эч келише алмакчы эмес.

Кокон ордосунда Нүзүпкө каршы күчтөр топтолуп жатканы менен толук кабардар болуп турган амир Насрулла бир жактан кооп салып так талаштыруу үчүн эми Алим- хандын экинчи уулу Мурад бекти тукурду да Ибрагим бектей кылып жалгыз жибербестен көп кол алып өзү кирмекчи болуп калды. Бул Кокон үчүн өтө кооптуу окуя эле чынында.

Түк амалга жетинбей, же Нүзүптүн аталыктыгын көралбай, ачык каршы чыгышка даап батынбай, ичтен сызып жүрүшкөн айрым бектер, уруу башчылары Мурад бек жакындаары замат ага жалт өтүп кетиши ыктымал болучу. Ушул кооптуу учурду пайдаланып, чоочуп кетип бир чоң амал берип тындыра койсо тынууну болжоп, Мусулманкул Нүзүптүн аталыктыгына моюн толгой баштады. Муну угар замат, Мала бекти жанына кошуп алып, Нүзүп кыпчактарга жүрүш кылды. Нүзүптүн күчү көп эле. Урушуп абийир алалбасына көздөрү жеткен соң кыпчактын эстүүлөрү камчыларын моюндарына салып келип, өзүлөрү багынып беришти. Нүзүптүн каары жазылган жок.

Ал Мусулманкулду баш кылып, ага жан тарткан бектерден кырк бегин туткунга алып, ордого түшөрү менен бирин калтырбай желдеттин колуна тапшырмакчы болуп, көшөргөн бойдон кайтты. Бул кабар ордого Нүзүптүн өзүнөн мурда жетти. Башта абайлап, акырын күңкүлдөп, Нүзүптү жамандап жүрчү Шады ынак ушерде ачык чыкты. Кыпчак бектеринин катуу жазаланышы жакшылыкка апкелбейт деп, оюн аянбай далилдеп, коркутуп, Нүзүп келгиче эле Шералинин жүрөгүнүн сары суусун алып салды.

— О хазрати! Өзүңүзгө нечен жолу окуп бердим го, амир Насрулланын жашырын жиберген дубай- саламдарын! Амир ушу Нүзүпкө гана кастарын тигип отурат. Сиздей   курдашынын тизгинин тартып алып койгон карөзгөй адамдын кылыгына түтпөй, анан сизге таарынганынан, өчөшкөнүнөн улам бир ханзааданы таап тукуруп отурат. Башкасына тиштенип чыдап келсек да, Нүзүптүн кыпчактар менен болгон жоругуна эч чыдай албай, жаныбыздан кечип, айтууга аргасыз болдук.

Эми мына! Нүзүп кыпчак бектерин Мусулманкулду баш кылып бүт соёт экен. Кыпчактар касыңыз беле? Кыпчактар өз элиңиз, о падишах! Болсо Нүзүптүн касы болор кыпчактар. А өзүнүн өкүмдарынын касы эмес, бир алла күбө! Эгер Нүзүп ушу акылсыз ишин жүзөгө ашырса, анда аягы эмне болуп чыгат? Бүт кыпчак уругу көтөрүлүп, жаңжал көбөйүп, сиздин алтын тагыңыздын баркы кетет, ыкрар кылыштан баш тартышат. Мурад бек чектен бери кирсе болду, алдын тосо чыгып анын табына өтүп кетишет. Же бир кыпчактар аз журт болсо экен…

Анан эмне болот? О, айтууга ооз барбайт, кудай анын бетин нары кыл, биздей алал нээт кулдарыңызга бирден уу жеп, жан кыя бериштен башка эч нерсе калбайт, о аллаяр, сиздин жаркын күнүңүз батып кетиши бар… Шады ынак жалгыз эмес экен. Ою биргелери Шады ынактын тегерегине чогула калышып, Шералинин көзүнө эми ачык көрүнүштү, алар астейдил күйөрмандары болуп көрүнүштү, безилдеп ишендиришти.

— Эмне кылабыз? — деп жүрөгү түшүп сурады Шерали. Шады ынак кым этип, бүгүлүп таазим кылып.

— О, биздин көлөкөлөр алтын чынарыбыз! Бектерди өлтүртпөй сактап калуу зарыл эң оболу… — деп күбүрөдү.

—Түшүрүү керек Нүзүптү андан соң… кетирүү керек… Күтпөгөн эле, Шерали алайып отуруп калды. Шады ынак:

— Мындан башка арга жок. Мындан башка чара жок. Аталыкты биз деле жакшы көрөбүз. Жакшы киши. Кайраттуу киши. Сизге көп жакшылык кылган киши. Бирок, өлкөңүздүн кызыкчылыгы ушуга түртүп отурбайбы! Мындан башка арга жок. Кыпчактар да тынчыйт ошондо, амир да тынчыйт ошондо… Шерали шалдырап үшкүрдү:

— Кантип эми аны…

— О атабыз! Бизге тапшырыңыз… Нүзүп менен Мала бек ордого келип түшкөндө, аларды диванханада хан күтүп отурганын билдиришти. «Чогулуп алышкан экен дагы өңкөй бекерчи. Шылтоо эле таап бере бер буларга. Зоок кылгылары келишкен экен…»

— Нүзүп камчысын сүйрөгөн бойдон кирип барды. Шералиден башкасы дүрүлдөп тура калышып, сылык ийилишип, алик алышты. Салкынырак бабыраша жеңишти куттукташкан болушту. Тактын оң тарабындагы Нүзүптүн орду бош турган экен. Нүзүп отурган жок. Ал дарчеге барды. Тышта аскерлер туткундарды бирден түртүп зынданга киргизип жатышкан эле. Нүзүп эрдин бек кымтып, ичинен санагансып, туткундарды көздөн өткөзүп токтоло калды. Шерали тактан туруп келди. Баары дүрдүгүп дарчеге умтулушту. Нүзүп ичинен калчылдап, катаал үн менен, акырын сүйлөдү:

— Ана! Эң ишенген кишибиз. Мусулманкул! Элди бузуп…

— Ички калчылдагы тышына чыгып катуулап кетти.

— Баарын! Бирин калтырбай! Аёо жок! Аёо жок! Шады ынак көзүнүн кыйыгы менен Шералини тиктеп, уктуңбу дегенчелик кылып, башын акырын ийкеп койду. Шералинин кирпиги эле кыбырады. Маң болгондон башка эчтемени билдире алган жок кабагы.

Баары өз орундарына келип отурушту. Нүзүп отуруп жатып:

— Мусулманкулду ушинтет деп ким ойлоптур! — деп кейиди. Шады ынак леп коштоду:

— Мал аласы тышында, адам аласы ичинде… Катуу жазалансын! Экинчи баш көтөргүс кылынсын. Нүзүп жалт карады:

 — Эмне? Башы алынат! Эртен башы алынат! Журттун алдында! Шады ынак кичине ийнин кысып, сылык жылмайды:

— Кечиргейсиз, аталык. Эрк аллаярдыкы.. Нүзүп кубарып кетти. Шады ынак, баштагыдай эле, үрпөйгөн көгала каштарынын нары жагына үлдүрөтүп көзүн бекитип, жылмакай тумшугун көрсөтүп, муңайым кеп урганы менен анын үнүнөн Нүзүпкө кичине каяша угулду.

— Эмне дедиң?

— Сиздин чечимиңизге аллаяр макул эмес дедим, аталык. Нүзүп обдулуп тура:

— Эмне?! — деп чаңырып жиберди.

— Эмнесине макул эмес?! Карышкырдай тынчыбас душманын тынчытып бергени отурганыма макул эмеспи?! Шерали кабагын чүрүштүрүп отура берди. Шады ынак сүйлөдү.

— Аталык, сиз кыпчактын кырк бегин бүт сойдурмакчысыз, майли дейли, күнөө кылышты бүт союлсун дейли, алардын журтун кошо кырып түгөтүп жибере аласызбы, эгер анте алсаңыз, каршылык жок, майли сексен бегин сойдуруңуз! Эл калат, аталык. Эли калган соң, ал эл тынчып жатпайт түбүндө. Өчүгөт!

— Куруп кеткен кыпчак аз уруктун бири болсо экен же… —деп бирөө кубаттап калды акырын, кейиштүү.

— Бүт каршы көтөрүлүп кетет. Минтип Мурад бек жактан кулак тынчыбай турган чакта, өзүбүз кырылышып, өзүбүз кыйрашып жатсак кандай болот, аталык? Ушунун баарын өкчөп ойлонуп, түбүнө көзү жеткен соң, анан сиздин оюңузга макул болбой отургандыр аллаяр! Нүзүп токтолуп калды. Ал сөздүн жүйөсүнө барк берди. Ушул акыл сенден чыктыбы деген сыяктуу Шералини алдыртан бир тиктеп алды. Нүзүптү тиктебейт. Таарынган баладай бултуюп отурат. Отургандардын көбүнүн кабагы кирдүү. Баары бир ооз сыяктуу. Суранышып отурбагандай. Ичтен тирешүү сезилди.

— Бир жагынан, Шады, сөзүңдүн төркүнү бар, — деди Нүзүп соолугуп, — муну эске алчы, силер кыпчак уругу эртең чуу чыгарат деп чоочулап отурасыңар, а кыпчак уругу чыгара турган чуусун кече эле чыгарбады беле? Ошол чыккан чууну басып, мындан нары да чыкпай калсын деп чуунун уюткусун тутуп келип отурабыз го?

— Ырас. Бирок, аталык, каталыгын сезишип, камчыларын моюндарына салып өзүлөрү багынып берип отурушкан соң, жаза ошого жараша болгону дурус.

— Моюндарына камчыларын салып?! Айласы түгөнгөндө!

— Ырас. Сыноо үчүн да болсо, мындан нары орто жакшырып кетер бекен деген саясат үчүн да болсо, аталык, ушу сапар бир жумшактык, кеңдик көрсөтүш зарылдай.

— Ушундай болсунчу, Нүзүке,—деди Шерали кыйналып,—жоо алгыр, чырлуу иш экен… Дуулдап коштошту, Нүзүп башын ийкеди:

— Болуптур! Азат болсун бектер. Бир кишиден башкасы азат болсун. Шады ынак:

— Болсо баары азат болсун, аталык. Мусулманкулду чеңгелден чыгаргыңыз келбей турат го. Отуз тогуз бекти кырып таштоо да бир, жалгыз Мусулманкулду өлтүрүү да бир. Уругуна баркы зор… Нүзүп чачырап жини келип кетти:

— Сен, Шады, Мусулмакулдун тынч жүрөрүнө ишенесиңби? Бери түз карап айтчы, ыя, ишенесиңби сен? Шады ынак Нүзүптүн алдырып баратканын сезип, ого бетер ишенимдүү жүз көрсөтүп, кашын көтөрдү:

— Кайда барат? Ордо кишилери тарабынан Нүзүп биринчи жолу каяша жеди, биринчи жолу Шерали анын ыгынан чыгып турганын көрдү.

— Болуптур… — деди ал.

— Силердин айтканыңар болсун. Мен ишенбейм Мусулманкулдун тынч жүрө алышына, көзүм жетпейт. Эгер колдон бошонуп алган соң Мусулманкул амир менен байланышып кетчү болсо, же дагы чийинден чыга баштаса, бери кара, Шады шум, сени жерге тирүүлөй көмдүрүп таштайм! Уктуңбу? Шады ынак ууртун кичине тартып жылмайган болуп койду. Нүзүп артын карабай дивандан чыгып кетти. Эртеси Мусулманкул Шералинин этегине тооп кылып, Нүзүп менен кучакташып, жарашып тынышты. Бирок ич оңолгон жок. Нүзүп менен Мусулманкулдун кастыгы мурдагысынан коркунучтуу тымызын түргө өттү. Эки ортодо Шады ынак барк алды. Башта хандын китеп окуп берер, эрмек үчүн сүйлөшүп отурар ынагы гана болуп жүргөн Шады эми ордодо чечүүчү күчтөрдүн бири болуп баратты.

уландысы бар.

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − 3 =