Мелания Трамп: Оозду ачырган 15 образ!

0

Каганат.

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп америкалыктар тарабынан мурунку жашоосуна тилинде болгон акцентине байланыштуу бир топ сындарга кабылып келет. Бирок бул айымдын кийинүү образына дүйнө суктанып келет.

Биринчи айым расмий кеңсе стили сексуалдуу жана жарашыктуу болорун далилдеди.

Мелания жолдошунун чет өлкөгө болгон алгачкы расмий турнесинде жанында болду жана анда дагы бир жолу кийинүү стили менен көпчүлүктү тамшантты.  

Сафари стили дайыма сейилдеп чыгууга ылайыкталган деп саналып келген, бирок Меланиянын бул көйнөгүнө “асыла” албайсың. Ал расмий жолугушуу үчүн өтө жакшы жарашкан.

Кара менен алтын түстүн айкалышы абдан жакшы жарашкан. Кара түстөгү комбенизон ачык өңдөгү кур менен абдан жарашыктуу көрүнөт.

Орточо узундуктагы, ачык түстөгү куурчак көйнөгү жаштык кошору шексиз.

Расмий жолугушууларда коркпостон эле ачык түс тандап алса болот. Анын үстүнө бул жайда дал ушул өң модада.

Ал эми бул кийим сизге жактыбы? Ачык кызыл түстөгү териден жасалган карандаш юбка жана жөнөкөй кофта өтө жарашыктуу.

Жука териден тигилген бул кийим мода сынчыларын кайдыгер калтырган жок. Ал эми туфли образды эң жакшы толуктап турат.

Президенттин жубайын байкабай коюуга мүмкүн эмес. Модалуу өңдөн турган жалтыраган көйнөк Меланияга куп жарашкан.

Ар бир айымдын гардеробунда саргылтым көйнөк болушу зарыл. Аны жан дүйнөңүз каалаган кийим менен айкалыштырсаңыз болот. Мисалы гүлдүү пальто менен жакшы жарашкан бул образды эстен чыгарбаңыз.

Ватиканга болсо Мелания кара тор көйнөк кийип, башына вуаль байлап чыккан. Бул кийим анын сулуулугун арттырган.

Мындай кийим бир жолу дүйнөнү дүңгүрөткөн, ошондон тарта дал ушундай кийимди көпчүлү белгилүүлөр кийип келишет.

Майда клетка кулакка анча угулбаганы менен бул костюм Меланияны өтө сымбаттуу көрсөткөн.

Италияга биринчи айым гүлдүү кездемеден тигилген жеңил көйнөк кийип барган.

Тор ар бир айымга жарашат. Орто узундуктагы чыптап турган көйнөк фигураны баса белгилегени менен абдан сонун жарашкан.

Кайрадан ачык түс. Эмне дейбиз? Жарашкан!

Кыпкызыл өн күзүндө мода болорун эсиңизге сала кетели.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + 12 =