Шыкмаматов: “Текебаевдин шайлоого катышууга жана аны утууга мүмкүнчүлүгү бар”

0

Каганат.

Бүгүн, 19-июнда маалымат жыйыны учурунда депутат Алмамбет Шыкмаматов юрист эмес жөнөкөй жарандар дагы Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүз экенин билип турушканын билдирди.

Айтымында, акыл-эси ордунда юрист эмес калыстык тууралуу түшүнүгү бар адамдардын баары Текебаевди камоодо саясий негиз бар экенин түшүнүп турушат.

“7 жыл өткөндөн кийин иш козгоп, камап салуу президенттик шайлоого катыштырбоо, өч алуу, ички дүйнөдөгү умтулуусун сындыруу аракети. Жумурай журт муну жакшы түшүнүп турат. Мыйзам жагына алсак, адамды күнөөлүү деп сот гана айта алат. Сот айтмайынча эч ким аны күнөөлүү дей албайт, антип айткандар жалган жалаа жапкандар”,-деди депутат.

Ошондой эле ал учурда Текебаевди сот күнөөлүү деп таппагандыктан мыйзамга ылайык, президенттик шайлоого катышууга жана утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он − 5 =