Ананьеводо жарылуудан жабыркагандарга кан керек

  Каганат.

Ананьеводо жарылуудан жабыркагандар канга муктаж. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз катчысы массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Маалым болгондой, учурда жабыркагандан Чолпон-Ата аймактык ооруканасында, бейтаптардан кан көп кетип калгандыктан, алар кан куюуга муктаж. Донор болууну каалагандар 0777 911 342 телефон номери аркылуу байланышка чыгып, жардам берсе болот.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-июнда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында газ толтуруучу станцияда газ баллондор жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен 2 киши каза болуп, 8 киши жарат алган. Каза болгондор атасы жана уулу болгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 + 6 =