Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыяга 16 мектеп курулат

Каганат.

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишим каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен ратификациялык мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражатка 16 мектеп курулат.Эгерде каражат артып калса, ага да кошумча имараттар салынмакчы. Инвестициялык каражаттын жалпы көлөмү – 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү – 1 пайыз, төлөө мөөнөтү – 25 жыл.

Белгилей кетсек, бул келишим тармактык комитетте талкууланганда депутаттар Мамкурулуш агенттигине каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу, бир типтеги мектеп имараттарынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Бөлүшүү:

Пикир

он + алты =