Текебаевдин соту кийинки жумада уланат

0

Каганат.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун соту Биринчи май райондук сотунда болду.

Бүгүн жактоочулар келтирген бир нече өтүнүчтү сот четке какты.

Мамлекеттик айыптоочулар болсо айыбын эки тилде, алгач орус андан соң кыргыз тилинде окушту.

Бүгүн кайрадан эле президент Алмазбек Атамбаевди соттук отурумга чакыруу талабы айтылды.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясынын иши боюнча коррупцияга айыпталып, быйыл 26-февралда кармалган. Бул ишке тиешеси бар деген жүйө менен экс-министр Дүйшөн Чотонов да кармалган. Экөө тең азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат. Оппозициячыл саясатчылар өздөрүнүн айыпталуусун бийликтин саясий куугунтугу катары сыпаттап келишет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 8 =