Алексей Елисеевдин узартылган лицензиясы Латвияда жараксыз

0

Каганат.

Алексей Елисеевдин узартылган лицензиясы Латвияда жараксыз. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ленин райондук сотунда айыпталып жаткан Аида Салянова билдирди.

Айтымында, айыпта Алексей Елисеев лицензиясын узартып алып кеңеш берүүчү компания жана сайттарды ачканы, анда кызмат көрсөтүү тууралуу жарнамалар берилгени жазылган.

“Адвокаттык лицензияны узартуудан Латвияда Елисеев эч кандай пайда көрө албайт. Андан сырткары кеңеш берүүчү компания лицензия узартылганча эле түзүлгөн. Бул жерде лицензияны жаңылоо процесси мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте эле болгон. Лицензия Кыргызстанда гана жарактуу. Ишти кайра тергөөгө жиберүүнү колдойм”,-деди Салянова.

Сот өтүнүч боюнча чечим чыгарууга кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан” деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − он алты =