Атамбаев: “Кыргызстан өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз мамлекет” дегендердин тилеги таш капты

Каганат.

“Кыргызстан – кедей мамлекет” деген көп жылдык кемсинтүүдөн арылдык. Бул тууралуу Атамбаевдин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктоосунда айтылат.

Куттуктоодо, акыркы 5-6 жылда Кыргызстанда саясий туруктуулук орноп, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшкөнү, беш эле жыл мурда  “Кыргызстан өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз мамлекет” дегендердин тилеги таш капканы,  Кыргызстанды бүгүн Борбор Азиядагы эркин элдин эркин өлкөсү деп аташары тууралуу жазылган.

Бул куттуктоону окуган адам Ажого мындай бурмаланган маалыматтарды кимдер жеткирип жатат болду экен деген ойдун кучагында калары бышык.

Мына ушул сөз менен Атамбаевди айга-күнгө теңеп, Кыргызстанды «өнүктүрүп» жаткандардан, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,75 млрд доллардан ашканын,  кедей эмес, эркин элдин өлкөсү эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд 764,98 млн доллар экенин, ал эми ички карызы 309,5 млн доллар же 21 млрд 403,85 млн сом экенин да, Ажого саймедереп айтып коюшун суранат элек.

Анткени, Кыргызстандын бакыйган каржы министри эскерткендей, мамлекеттин карыздары ички дүң продукциянын 50 пайызынан алда качан ашып, 60% жакындап баратат.

Ал эми  эл аралык практика боюнча 60% коркунучтуу чек деп эсептелет, өлкө дефолт болуп калышы, өзүн дефолт деп жарыялоосу мүмкүн. Бул улуттук коопсуздук үчүн коркунуч туудурат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бир канчасында кездешкендей, улам кийинки карыздар өнүгүү үчүн эмес, мурдагы карыздарды, алардын негизги суммасын жана үстөк пайыздарын төлөө үчүн алынган. Кыргызстан мына ушундай кырдаалга да кабылышы мүмкүн деп да, чындык кызматтык креслодон жогору туурарын далилдеп айтып койгула.

Анткени, силер жазып Ажо окуп жаткан «Беш эле жыл мурдагы өсүп-өнүгүүгө жөндөмсүз мамлекеттин”  2010-жылдын аягында тышкы карызы 2 миллиард 602 миллион долларга барабар болчу.

Анан насыя алуудан коркпош керек деп өзүңөрдү да өзгөнү да алдап бүтүм чыгарып, жооп берип убара болбой эле койгула, анткени,  эл аралык насыя  берүүчүлѳр келесоо эмес жана алар «кайрымдуулук» менен алектенишпейт!

Булак:Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 4 =