Баткен жана Сүлүктүдөгү аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду

Каганат.

Баткен жана Сүлүктү шаарларындагы эс алуучу жайларындагы аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал аттракциондор техникалык талаптарга жооп бербейт жана уруксаат кагаздары жок иштеп келген.

“Баткен шаарынын мэриясынын алдында 2 оюн-зоок аянтчасы жана Сүлүктү шаарындагы эс алуучу аттракциондорунун техпаспорту, атайын адистердин иштөөгө уруксаат берүүчү кагаздары, ошондой эле 20 жылдан бери оңдоп түзөө, майлоо иштери жүргүзүлгөн эместиги аныкталган”,-деп жазылган билдирүдө.

Жеринде инспекторлор тарабынан мэрия өкүлдөрүнө бир айлык мөөнөттө аныкталган кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча эскертмелер берилип, аттракциондор электр энергиясынан ажыратылган.

Коюлган талаптар аткарылганга чейин аталган аттракциондордун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 19 =