Кыргыз операсынын баштоочусу – Абдылас Малдыбаев

0

Каганат.

Атасы менен бирге байлардын малын кайтарган

Композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти Абдылас Малдыбаев Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында 1906-жылы 24-июнда туулган.

Бала чагында Абдылас атасы менен бирге байлардын малын кайтарып, үй-бүлөсүнө жарда беришчү. Таң жаңы агарганда эле кой кайтарууга кетип, күүгүмдө араң үйүнө кайтчу экен. Буга карабастан Кара-Булак айылында уюштурулган ар бир салтанаттуу иш-чарага катышып, өз өнөрүн тартуулап келген. Атасы Малдыбай комузда кол ойнотуп, ырды жакшы ырдаган, ал эми апасы Дейилда болсо майрамдарда ырдап, шаңына чыгарчу дешет.

Билимге болгон умтулуу

Анын чыгармачылыкка болгон жолу 1922-жылы башталган. Алгачкы ырлары “Акинай”, “Забойщиктер” жана башка ырлары эл арасына кеңири тарап, анын ысмын обончу катары тааныткан.

1923-жылы Алматыдагы казак-кыргыз агартуу институтуна тапшырып, бир жылдан соң Фрунзедеги кыргыз педагогикалык техникумга которулган. Техникумда хордо ырдап, спектаклдерде роль жаратканга жетишкен. Ыр-күү болгон жерде дайыма Абдылас да болчу. Дал ушул жерден ал музыкант жана композитор болуп калыптанган. 1928-жылы окуусун аяктап дал ошол эле окуу жайда жаштардын музыкалык-драмалык студиянын окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1933-жылы студия театр болуп ал жерде Малдыбаев артист болуп калган.

Орус композиторлору менен иштешкен

1936-жылы орус композиторлору В. Власов менен В. Ференин кыргыз жергесине келиши Абдыластын чыгармачылыгынын өсүшүнө көмөкчү болгон. Ал 300дөй чыгармаларды жараткан.

Анын айрым ырлары кыргыз ыр жанрына жаңылык катары кирүү менен элди эмгекти, мекенди сүйүүгө үндөгөн.

Малдыбаев драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды жаратып, көптөгөн ролдорду аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын артисттик чоң чеберчилик менен көрүүчүлөргө тартуулаган.

Бир жылдык маянасын фронтко жардам берүү фондуна которгон

Ал эки жолу аны фронтко жиберүүнү өтүнгөн. Бирок СССР өкмөт Абдылас душмандар менен музыка жана ыр менен салгылашат деп фронтко жибербей койгон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал бир жылдык маянасын фронтко жардам берүү фондуна которгон. Согуш жылдарында анын батири фронтчулар үчүн бекер мейманкана болгон. 1947-жылы гана кайрадан музыка менен алек болуп, В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драмасын, «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операсын жана Кыргыз ССР гимнинин музыкасын жазган. М. В. Власов, В. Фере, М. Абдраев ж. б. композиторлор менен бирге контаталарды, вокалдык-симфониялык чыгармаларды жараткан.

Айлык албай иштеген

30 жылга жакын Абдылас Малдыбаев Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы болуп эмгектенген жана СССРдин композиторлор союзунун башкаруу мүчсү болгон. Бирок ал эч качан маяна алган эмес. 1958-жылы анын достору: “Композиторлор союзун жетектейсиң, бирок эмнеге маяна алайсың?”-деген суроо салышкан. Ал болсо: “Эмне кылам? Мен чыгармаларым үчүн гонорар алып жатпаймбы. Жетет. Согуш учурунда азыркыдан да жаман жашадык го”-деп жооп берген. 1958-жылдан тарта гана досторунун демилгеси менен айлык акы ала баштаган.

 

Сыйлыктары

Малдыбаев Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970),

СССР Жогорку Советинин депутаты (1937–46),

Ленин, Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

 

 

Малдыбаевдин ысымы менен Кыргыз опера жана балет театры, Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган.

Малдыбаевдин портрети Кыргыз Республикаснын 1 сомдук банкнотасында чагылдырылган

Залкар композитор, ырчы, таланттуу актер 1978-жылдын 31-майында дүйнөдөн кайтат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч + он үч =