Кыргыздын гиннес китеби: “Датка” наамы Орто Азияда Кокон хандыгынын учурунда пайда болгон”

0

Жакында эле “Кыргыздын гиннес китебин” жазган акын, жазуучу, котормочу Ысмайыл Кадыров менен маек куруп, анын аталган китебин сайтыбызга жарыялап туруу уруксатын алганбыз. Мындан ары Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат ала аласыздар.

Алгачкы кыргыз башкаруучулары, тарыхый инсандар

• Алгачкы кыргыз башкаруучусу — Барс­бег ажо (Барсбек, Ынанчу Алп Билге каган, Могилян). 711­-ж. ал кагандык чыгыш түрк аскерлеринен жеңилип, Барсбег дүйнөдөн кайткан. Санжыра боюнча 5-6­-кылымдарда Алтайда 1-­кыргыз кагандыгы түзүлгөн. Ак кийизге салып Калач аттуу адамды хан көтөрүшкөн. Бул Барсбек болушу да ыктымал.

• Осмоналы Сыдык уулунун “Тарых кыргыз Шадмания” деген эмгегинде моңолдордон чыккан Асан уулу Самансур бүт кыргызга хан болгондугу айтылган. Ал көп мыйзамдарды киргизген. Кийин бул мыйзамдарды Ормон пайдаланган.

• 1670-­ж. кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бий Кашкардын акимдигине көтөрүлгөн.

• Кыргыздарды тышкы душмандардан коргоп, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандардын катарында төмөнкүлөр өзгөчө айтылат:

• Кокон хандыгын башкарган алгачкы кыргыз — Шераалы хан, Ажибек (Хаджибек) уулу Шераалы (1792-1844). Ал Кокон хандыгын 1842-45­-ж. бийлеген. Энеси да, аялы да кыргыз болуп, өзү Таластагы кыргыздардын арасында өсүп­өнгөн.

• Кокон хандыгындагы баш вазир даражасына жеткен 1-­кыргыз — Алымкул аталык (?-1865). Ал Молдо Алымкул деп да аталган. Кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан.

• Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. “Датка” наамы Кокон хандыгынын учурунда Орто Азия аймагында 18-­кылымда пайда болгон. Эң көрүнүктүү, кадыр­барктуу, зоболосу жогору адамдарга берилген. Датка элден түшкөн даттанууларды ханга билдирип, арыз ээлерине жообун кайтарып турган. Бул наам ошол доордо кеңири жайылган казы, бий сыяктуу жергиликтүү өкүмдүк наамдардан кыйла жогору турган. Датканы И.Бичурин «генералга тете жогорку чин» десе, орус окумуштуусу А.Кун генерал-губернаторго теңеген. Даткалар хан казынасынан жылына 200 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болушкан, ар кандай кызматтарды аткарышкан. Алмазбек Абасбековдун изилдөөсү боюнча 1804-1876-жылдары кыргыз инсандарынан төмөнкүлөр датка даражасын алышкан: Ажыбек (чыныгы аты Аспердин, Талас), Медет (Жумгал), Кедейбай (Чартактын акими), Сарымсак, Тойчу Молдо (Хоженттин акими), Шапак, Сейитбек (кесек уруусу), Болот, Касым, Гаиб (Алай), Бозой (Бадахшан), Тилла (тейит уруусу), Каракул (найман уруусу), Айдарбек (Чүй), Алымбек (Алай). Алымбек 1831­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн. Курманжан Маматбай кызы (1811-1.02.1907) кыргыз аялдарынын ичинен гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядан аялзатынан жападан жалгыз өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы менен сый­урматка татып 1864-­ж. датка наамын алган, “Алай ханышасы” атка конгон. 1876­-ж. Курманжан даткага орус бийлиги “полковник” чинин ыйгарган. Мындай чоң чинге ага чейин эч ким ээ болгон эмес. Айрым маалыматтарда ага чейин Зыйнат датка (Шералы хандын таежеси) болгону да айтылат.

• Ормон Ниязбек уулу (1791-1854) 19­кылымдын ортосунда (1842) кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз хандыгын (мамлекетин) түзүүгө аракет жасаган инсан. Ага Кокон хандыгы парваначы даражасын ыйгарган. Кол башчылыкка Төрөгелди баатырды, кеңешчиликке Жантайды дайындаган. Кокон хандыгынын кыргыздарга көрсөткөн кысымынан кутулуу үчүн Орусиянын Сибирдеги аскер бийликтери менен тымызын байланыш түзүүгө аракеттенген. Бирок, ал ишке ашкан эмес. Анын казак султаны Кенесары Касымовдун жортуулун талкалоодогу айла­амалы (тактикасы) “Ормон опуза” деген ат менен белгилүү.

• Тайлак Рыскул уулу, Тайлак баатыр (1796-1838) 19­кылымдын 1­жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кыймылдын ири өкүлдөрүнүн бири, саяк уруусунун чоро уругунан чыккан. Ал бир тууганы Атантай менен бирдикте 1832-38­ж. Атбашы, Акталаа, Тогузторо аймакгындагы кыргыздарды бириктирип, Кокон хандыгына каршы күрөштү жетектеген.

• Ажыбек баатыр Токтобай уулу (1800-1856) Атбашы, Какшаал чериктерин башкарып, кыргыз-кытай чегарасын сактоодо олуттуу орду бар инсан.

• Кубат бий 18-­кылымдын 2-­жарымында Алай жана Фергананын батыш жагындагы кыргыздарды бийлеген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдө жасаган көп иштери уламыш катары айтылып келет.

• Боромбай 1844-­ж. Батыш Сибирдеги орус падышасынын бийлигине бугу уруусун букаралыкка алуусун өтүнүп элчи жиберген, 1848-­ж. ал орус бийлигине 2 ирет кайрылган. 1853­-ж ага полковник чини ыйгарылган.

• Шабдан Жантай уулу (1839-1912) кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн зор иштерди жасаган инсандардын бири. Ал Кокон хандыгынын кол башчысы Канат­шаа менен 2 жылга жакын Ташкенде туруп, Ташкенди курчап алгандардан коргоодогу эрдиги үчүн Түркстан шаарынын бегине дайындалган. Шабдан 1883­ж. орус падышасы Александр ҮҮҮнүн такка отуруу аземине чакырылып, ага аскер старшинасы наамы ыйгарылган. Ал жоомарттыгы, берешендиги, боорукердиги менен да өзгөчөлөнгөн. Чоң­Кеминге жаңы усулда сабак өтүүчү медресе (“Шабдан медресеси”) ачтырып, кыргыздардын билим алуусуна да чоң салым кошкон.

• Байтик кыргыз элинин өз алдынчалыгына умтулуп, Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башында турган инсандардын бири.

• 1949-72­ж. Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы болуп, чет жерге ооп барган кыргыздарды чачыратпай башкарып жүргөн 1­адам Рахманкул хан (1912-1990) болгон.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Бөлүшүү:

Пикир

18 − беш =