Поэзия: “Сан жалбырак сабалаган дарактын, Сагынычын кимдер кантип сезди экен?”

Каганат.

ОМОР СУЛТАНОВ: АК БУЛУТТАР

Каалгып ак булуттар көчөсүңөр
Канча бир жерлер басып өтөсүңөр.
Түрүлүп түгөнбөгөн сапар тартып
Түнөргөн тоо башына түнөйсүңөр.

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып, –
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине
Олтурам эскерүүдө ичтен сызып.

Сезгендей айрылаарды коркоор элем
Алтын кум сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылаар
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү Көлдүн жээги
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

АЙГҮЛ УЗАКОВА: КҮЗ ЖӨНҮНДӨ САНАА ТАРТЫП СИЗ ДЕЛЕ

Күз жөнүндө санаа тартып сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан.
Бир өмүрдө эки келбес күндөргө,
Бир сырыңыз бар өңдөнөт алдырган.

Сан жалбырак сабалаган дарактын,
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?..

Кантип айтып берсем экен анда мен,
Табышмактуу ал күздүн сулуулугун.
Алда-неден айбыгып аяр каткан,
Сиз көп кирчү түштөрдүн жылуулугун.

Балким сизде болор бир аз таңдануу,
Ал жөнүндө айтып кирсем үнүм пас.
Мен да сиздей токтоо карап тагдырга,
Болуп калгам кайгы-шатты унутпас.

Жылуу-жумшак кыял менен узайсыз,
Көңүл күзгө жетелейт бак аралап.
Санаамда сапырылган сан булуттар,
Сиз кеткен жакты көздөй мапар алат.

ФАТИМА АБДАЛОВА: МЕН КАЧАНДЫР ЖАШАП ӨТКӨН ӨҢДӨНӨМ

Мен качандыр жашап өткөн өңдөнөм…
эс учумда кызыл талаа өрттөнгөн…
Кызыл талаа… Күн алыстап мен өчкөн?

Жоогазындуу жолду карап турамын,
мен бир убак аны басып өткөндөй…
Чоочун жолдун кайдан тааныш булагы?
мен качандыр даамын татып көргөндөй…

Сени көрүп жүрөгүмө не «зырп» этти,
беймаал, жолдо бараткан бир бейтааныш?
Эски сүрөт карегимен «үлп» этти,
качандыр бир болгондойбуз биз тааныш…

Мен деңизде болуп көргөн эмесмин,
терметкен да эмес мени кемеси.
Делбиретип деңиз мынча сагынтат,
толкунунда калган өңдүү элесим…

…Эс учумда эс учурган айталаа?
Айды ээрчип мен бараткан араба?
Ташка тийип, ат туягы үзүлөт,
сапар соңун билсе билер Ай гана…

Эс учумда гүл төшөлгөн күнталаа?
гүлдү кечип мен бараткан араба?
Гүлгө оролуп, ат туягы жоголот,
сапар соңун билсе билер Күн гана…

Кылымдарда кабат-кабат пардалап,
эгер мага пардаларын ачса алар,
Айнегинен «жарк» этчүдөй өңдөнөм,
жаңырчудай менин үнүм аскадан…

Мен качандыр жашагандай өңдөнөм…

НУРЛАН КАЛЫБЕКОВ: АПАМ ЖАНА МЕН

Мен бала элем, апам анда жаш эле,
Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

Кайда барса ийик түшпөй колунан,
Ат баштыктай мен да, түшпөй жонунан.

Кумурскадай чарчабаган, тынбаган,
Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган.

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар, 
Оо, ал тургай мезгил белин сындыраар,

Көөдөн көзү көрө билген, дили курч,
Макалдатып сүйлөй билген,тили курч,

Сөзгө дагы, бөзгө дагы маш эле, 
Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,
Чөптөр бийлеп, таштар дагы каткырып

Тураар эле, бирок биздин дубалдан,
Көздөн, сөздөн, балким кара дубадан, 

Онтогон үн чыгаар эле жаңырып,
Асман, жердин мейкиндиги тарылып.

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп, 
Үй кабагын турчу муңдуу күү коштоп.

Атам сулап жатаар эле төшөктө,
Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

Кандай күнгө кабылгам мен, катыгүн, 
Оору менен алпурушуп аттигиң,

Сыртта эркек, үйдө аял болдум не?
Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

Оору эмес, ооруп көпкө жаткандар,
Нагыз ооруу, ооруу жанды баккандар,

Ыйлап алчу, кээде ушинтип бышактап, 
Кош тизесин колу менен кучактап.

Деген менен кайраты мол жан апам,
Тагдырына бий, болуштай, хан апам.

Жерди кармап турган өңдүү огунан.
Касиети обочо эле тобунан,

Бирок, аттиң мезгил ийрип ийигин,
Алды акыры өз колуна бийлигин.

Бербейт кайра, жалынсаң да бербестир,
Кайран жаштык асылсаң да, келбестир.

Карылыктын жүгүн артып жонуна,
Таяк берип, мээнет кетпес колуна,

Боюн аштап, ийип койду эңкейтип,
Сынын алып, тишин күбүп кемшейтип.

Апам тургай, менден учуп каакымы,
Каш какканча өттү жаштык закымы.

Ошол күндөн, ушул күнгө агылып,
Онтогон үн, кейиген ый жаңырып,

Аба жетпей, араң-араң дем алып,
Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып,

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,
Онтоп, кейип келе жатам шор басып.

Мезгил өзүң, оңдо, менин катамды,
Атамдан соң, мен карыттым апамды…

Мен бала элем, апам анда жаш эле,
Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

12 + 18 =