Жапаровдун тарапташтарынын сотунда ызы-чуу чыкты

0

Каганат.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму ызы-чуу менен аяктады. Сотту котурум саат 16:00гө чейин уланмак, бирок түштөн кийин сот отурумду 7-июлга жылдырып салды.

Айыпталуучулардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов соттук отурумду улантуу керектигин билдирди, сот ал менен макул болгон жок, натыйжада ал “бул буйрук” деп кыйкырды.

Айтымында, саат 14:00дө Садыр Жапаровдун соту болот, ошондуктан анын тарапташтарынын соттук отурумун улантууну каалашкан жок.

Ызы-чуу болгон айыпталуучулардын тарапташтарын күзөтчүлөр сот залынан араң алып чыгышты.

Эске сала кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келип УКМК тарабынан кармалган. Аны колдоп УКМКнын алдындагы митингде чыккандардын ичинен 105 адам кармалган.

Алардын ичинен 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, мөөнөтү бүткөндө бошотулган.  Кармалгандардын 12сине “бейбаштык”, “милиция кызматкерине кол көтөрүү”, “бирөөнүн мүлкүн сындыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 4 =