Эс алууга барганда жардамга келчү 10 кеңеш

0

Каганат.

Түркияга, Дубайга эс алууга кетип жатасызбы? Башка мамлекетке эс алууга бара жатканда жоопсуз суроолор туулары анык. Биринчиден тил билбейсиз, экинчиден канча каражат алуу керек деп баш оорутуп жатасызбы? Анда бул кеңештер сиз үчүн.

1.Документтер, акча жана коопсуздук

– Биринчиден керектүү сумма бар банктык карточкаларыңызды жаныңызга алыңыз. Ошондой эле карточкаңыздын номерин жазып алыңыз. Эгерде капчыгыңызды жоготуп алсаңыз интернет аркылуу учак билетин сатып алып, мейманканадан номер брондой аласыз. Ошондой эле карточкаңыздан ала турган суммага чек коюңуз, себеби аны бирөө уурдап кетсе сиз койгон чектеги гана сумманы ала алышат. Калганы сакталуу бойдон калат.

– Паспортуңуздун жана керектүү документтердин көчүрмөсүн флешкада же интернеттеги жайларда сактап койгонуңуз оң.

-Дайыма туристтик кепилдик сатып алыңыз. Эс алууга кетер алдында кепилдик аркылуу кайсы ооруканаларга кайрыла аларыңызды билип алыңыз.

2.Көп жүк алып кереги жок

Багажга жүк салбастан кол сумкаңызды гана алыңыз. Бул биринчиден багажыңыздын жоголуп кетүүсүн алдын алса, экинчиден убактыңызды үнөмдөйт.

3.Адашуудан сак болуңуз

Аэропортко жана мейманканага кантип барарыңызды алдын ала ойлонуп коюңуз. Адашып кетпөө үчүн телефонуңузга офлайн-карта көчүрүп алыңыз. Ал үчүн Maps.me жана Google Maps жардамга келет.

4.Жергиликтүү сим-картаны сатып алыңыз

1-2 күнгө келсеңиз дагы жергиликтүү сим-карта сатып алыңыз. Анын баасы өтө деле кымбат болбойт.

Сим-карта ар кандай учурларда сизге жардамчы болот. Мисалы, мейманкана менен байланышуу, гидге телефон чалуу, такси чакыруу бир топ жеңил жана арзан болот. Интернети бар сим-карта чыгымдарды толугу менен актайт. Себеби интернет заман талабына ылайык, бекер жол көрсөтүүчү эмеспи.

5.Транспорт

Коомдук транспорт менен жүрүүдө адашып калбоого ошол эле Google Maps жардамга келет. Дайыма туристтик карталарга көңүл буруңуз.

6.Тил

Англис тилин үйрөнүп алсаңыз жашооңуз бир топ жеңилдей түшкөнүн байкайсыз. Ошондой эле бара турган өлкөңүздүн тилиндеги керектүү болгон сүйлөмдөрдү жаттап алыңыз. Рахмат, Кутман таң, сураныч деген сөздөрдүн зыяны тийбейт.

Жергиликтүү сим-карта алганыңызда Google Translate чоң көмөкчү болот.

7.Тамак

Тамактануучу жайга кирип, тамактары менен таанышып көрүңүз, жакпаса кетип каласыз. Туристтер көп чогулган жерден тамактансаңыз капчыгыңызды кактырып жиберериңиз турган иш, себеби андай жерлерде баары кымбат.

Жергиликтүү эл көп барган жайда тамактаныңыз.

8.True experience

Туристтер топтолгон жайга көп барбаңыз, ал жерде баары кымбат. Жеткиликтүү баадагы сувенирлерди табуу үчүн же жергиликтүү элдин чөнтөгүнө ылайык келген барлар тууралуу билгиңиз келсе ошол жердин тургундарынан сураңыз же карта гиддерден караңыз. Lonely Planet жана TripAdvisor жардам бере албайт.

Ал эми төмөнкү сайттар сизге жардам бериши толук ыктымал:

Use-it.Travel — европа долбоор, анда каалоочулар лайфхактарды жазышып, өз шаарлары боюнча туристтик карталарды түзүшөт. 30дан ашуун европа шаарынын картасын таба аласыз.

34travel жана Perrito-Burrito — Саякаттоо тууралуу орусча сайттар. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен карталар түзүлөт. Бул сайттар саякатчыларга, эс алуучуларга эн керектүү болгон маалыматтын баарын топтогонго аракет кылып келет.

Like A Local — бул сайттан жергиликтүү тургундар менен биргеликте экскурсияга баруу үчүн буйрутма берсеңиз болот. Ошондой эле ар кандай лайфхактарды, кеңештерди таба аласыз.

Бул сыяктуу “гид” сайттарды санай берсек өтө көп, биз эң маанилүүлөрүнө токтолдук.

9.Канча акча алуу керек?

Сиз эмнени кааласаңыз ошого жараша болот. Эгер сиз акчаны үнөмдөө менен эс алууну кааласаңыз анда Backpacker Indexке баш багыңыз. Бул жерде өз алдынча саякаттагандар үчүн эң арзан шаарлардын тизмеси бар. Ага 136 шаар кирген: эң арзандары – Непалдагы Покхара (суткасына 18 доллар), эң кымбаты – Швейцариядагы Цюрих (күнүнө 136 доллар)

Бул каражаттын ичине хостелде жашоо, 3 маал тамак, коомдук транспортко жүрүүгө 2 жолку билет, 1 музейге билет жана 3 стакан пиво кирет.

Ар кайсы шаардагы тамак-аштын, таксинин, ресторандардын бааларын салыштыруу үчүн Numbeo кызматынан колдонуңуз.

10.Сурагандан уялбаңыз

Сурагандан уялбаңыз. Баардык жерде жана дайыма жардам берип, кол сунууга даяр болушат. Электрондук билетиңизди кагазга чыгарыш керек болуп жатабы? Жакынкы отелге кирип жардам сураңыз, жардам беришет. Даараткана таппай убарасызбы? 10 ресторандын 9у дааратканасына жөн гана киргизет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + он үч =