V чакырылыштагы депутат Улукбек Кочкоров 43 жашка чыкты

0

Каганат.

V чакырылыштагы “Ата журт” фракциясынан ЖКнын депутаты Улукбек Кочкоров Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылында 1974-жылы 24-июнда туулган.

Билими

-1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүрүп, финансы жана кредит адистиги боюнча бөлүмүн бүтүргөн.

-2003-жылы ошол эле университетин юридика факультетин “Укук таануу” адистиги боюнча ийгиликтүү бүтүргөн.

Эмгек жолу

-1995-жылы октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов районунун финансы бөлүмүнүн бюджет боюнча жетектөөчү адиси болуп өзүнүн эмгек жолун баштаган.

-1995-жылдын декабрь айынан тартып 1997-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы Министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

-1997-жылдын февраль айынан баштап 2009-жылдын март айына чейин Улуттук Коопсуздук Комитетинде ыйгарым укуктуу кызматкер бөлүмчө башчысы, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы, УКК башкармалыгынын башчысынын орун басары, УКК башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу деген кызматтарда иштеген.

-2009-жылдын март айынан тарта 2010-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген.

-2011 жылдын март айында «Ата Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына жана Фискалдык жана акча-насыялык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Учурда “Жаңы доор” партиясын түзүп, ал партияны түптөө иштери менен алек.

Үй-бүлөлүк абалы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган жана 1-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси деген чини бар.

Үч уул, бир кыздын атасы.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 9 =