Бишкекте 57 бүтүрүүчү алтын медаль алышты

Каганат.

Бишкекте мектепти артыкчылыктар менен аяктаган 57 бүтүрүүчүгө өзгөчө үлгүдөгү аттестат алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүтүрүүчүлөргө алтын медаль тапшыруу аземине шаар мэри Албек Ибраимов, окуучулардын ата-энелери катышышты.  

Мэр куттуктоо сөзүн айтып, бүтүрүүчүлөргө ак жол тиледи.

Өз кезинде бүтүрүүчүлөр мугалимдерине, ата-энелерине ыраазычылык билдиришип, алардын үмүттөрүн актоого аракет жасай тургандыктарын билдиришти.

2017-жылы Бишкек шаарында 9-классты 9997 окуучу, 11-классты 5709 окуучу бүтүрүүдө.

Алтын медаль алган окуучулардын арасында шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

12 + 9 =