Мар Байжиев: “Атаганат, адам отуздагы курагында алтымыштагысындай акылман болсо кана!”

Каганат.

 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат.

Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт. Буга далил катары “Күздөгү жаандар” повестинен үзүндүлөрдү келтирүүнү туура таптык.

-Жаңы үйлөр курулсун, эски үйлөрдү бузбай эле койсо гана. Бирок, аттигиң ай, эскини кыйратмайын, жаңыны кура албайсың да! Турмуштун эзелтен бери келе жаткан ыгы ушундай эмеспи.

-Чынында аялдардын эрдиги башынан өткөн оор турмушка кайрат менен каршы туруп, кандай гана болбосун келечектен үмүт үзбөй, билек түрүп жашаган жерден башталып жүрбөсүн?

 -Адамың деле ушу тырмактай чымчык сыяктуу экен да: жок жерден жер үстүнө пайда болуп, жарык дүйнөнүн ачуу-таттуусун татып, сүйүп-күйүп, жамандык көрсө кейип ыйлап, жакшылык жыргалында күлүп, түнкү айдын нуруна бөлөнүп, күндүн эртең мененки шооласына жылмайып, анан заматта бырп этип о дүйнөгө учуп кетет.

-Зор кереметтүү табияттын күрдөөлдүү айлампасынын алдында, жер үстүндөгү түбөлүктүү жашоо менен тирүү жан кутулгус ажалдын алдында адамдын көр оокатындагы майда-барат кагылыштар, өз ара таарынычтар, түшүнбөстүктөр кеп эмес экен да!

-Атаганат, адам отуздагы курагында алтымыштагысындай акылман болсо кана!

-Узун көйнөкчөн зайыптар талаа жумуштарын бүтүрүп турнадай тизилип, бийлеп жаткансып жалгыз аяк жол менен кетип бара жатышат. Үйлөрүнө келип, муздак сууга жуунушуп, сабиз, чамгыр, кызыл мурч аралашкан жыты буркураган тамактарды бышырып бала-чакасын, кемпир-чалын тойгузуп, анан катуу уйкуга киришет. Алар уйкусуз узун түндө көз ирмебей, чакчайып терезени карап жаткан кандай мээнет экенин билишпейт.

-Адегенде Айша уулунан түбөлүккө ажыраганына түк ишенбей жүрдү. Илгери уулунун өлгөнүнө ишенбесе, эми уулунун болгонуна ишенбегенсийт… Мына, азыр деле, тамбурда туруп, бир кезде анын үй-бүлөсү, уулу болгонуна көп ишенбегендей. Анын бардыгы жомок, же түш сыяктуу. Ал көркөмдүү жомок эң кызык жерине жеткенде кимдир бирөө аны чочутуп ойготуп, татынакай үмүтүн үзүп, бардыгынан ажыратып салгандай.

-Сүйүп, жек көрүп, ыйлап, күлүп, иштеп, чаалыгып, жапа чегип, бала сүйүп, алга умтулуп, эс алуунун жыргалдуу рахатын көрүш керек!

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × беш =