Асанкалый Керимбаев: “Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин “Ак булуттарды” ойнотуп келгиле “

Каганат.

Залкар талант, белгилүү акын Омор Султановдун калемине таандык ыр саптарына Асанкалый Керимбаев көп эле жолу обон жаратып келсе дагы «Ак булуттар» ырчынын жан дүйнөсүнө өзгөчө жакын экенин, акындын өзүнө далай ирет айткан экен.

Омор Султанов ал кезди мындай деп эскерет: 1978-жылы Асанкалый Керимбаев аккордеонун атайын көтөрүп келип, акындын “Ак булуттар” деген ырына обон жаратканын айтып ырдап берет.

Айтылуу акын,  залкар обончу “Ак булуттарды” ырдаганда көзүнө мөлтүр жаштар түнөп, өзүн эле эмес ааламды унут калтырып, ыр менен ырга айланып кетчү. Ал гана эмес, Асанкалый  “Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин “Ак булуттарды” ойнотуп келгиле ” деп керээз кылып жоро-жолдошторуна бир нече жолу айткан экен деп эскерет.

Канча деген жандардын жан дүйнөсүнө дабаа болгон, керемет обондордун ээси Асанкалый Керимбаев көзү тирүүсүндө  бул ырынын жаралыш тарыхы боюнча мындайча кеп салыптыр: “Омор Султановдун ыр китеби капысынан колума тийип калды.  “Ак булуттар” өзгөчө жагып,  кайра-кайра кайталап окудум. 

Залкар обончу акындын, “Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен, 

Айдалып баратканда ак булуттар…” деген саптарды окуганда, көзүнө ысык жаш тегеренип, кезинде чоң атасы Керимбай жалган жалаа менен айдалып баратканда чоң энеси буркурап көзүнөн жашын тыя албай боз үйдүн босогосунда ыйлап турганы элеси көз алдына тартылганын айткан. Мына ушул элестер, обончунун жан дүйнөсүндөгү кусалык көөдөнүмдүн тереңинде бугуп жаткан буулуккан бук “Ак булуттар” деген ырга айланганын эскерген.

Обончу ырдын авторуна “Ак булуттарга”  обон чыгарганын айтып ырдап берсе айтылуу акын алгач түшүнбөгөнүн, кийинчирээк, Омор Султанов Асанкалый Керимбаевди  атайын Ысык-Көлгө ээрчитип барып, толкун ойногон көл жээгинде отуруп,  “Асаке, кана эми баягы “Ак булуттарды” ырдап берчи” деп суранганын эскерген.

 «Мен ырдап… Омор аганын ошондогу эчкирип ыйлаганы эсимден кетпейт. Мен да кошулуп, өпкө-өпкөмө тийбей шолоктоп ыйладым. Күн аябай бүркөк, көл бир башкача толкугансып, шарп-шурп, улам жээкке урунат. Омор ага наристедей далайга ыйлады…”

Бүгүн да күн бүркөк… Бүгүн да Көл толкуп жатса керек… Сыздаган ошол аккордеон үнүн, көл жээгинде ырдап да, ыйлап да жаткан эки залкар таланттын элесин бүгүн Көл да сагынып жаткан чыгаар….

Ак булуттар 

Сөзү: О.Султановдуку

Обону: А.Керимбаевдики

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,

Силерди ак булуттар жолдош кылып.

Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,

Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

 

Сезгендей айрыларды коркоор элем,

Алтын кум сен баарына орток элең.

Өчөшүп биздин өксүткөн жаңылууга,

Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

 

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,

 Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.

Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,

Айдалып баратканда ак булуттар.

 

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,

Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.

Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,

Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

 Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш + он =