Юксел Шыкмаматовду мурун тааныбаганын айтты

0

Каганат.

Германиянын жараны Али Юксел Биринчи Май райондук сотунда депутат Аомамбет Шыкмаматов менен тааныш болбогонун билдирди.

Айтымында, ал ар кандай иш-чараларда Эсеп палатасынын аппаратынын жетекчиси жана тендердик комиссиянын мүчөсү Төлөгөн Чормонов менен жолугушчу, бирок ал сотто бүгүн жок.

“Тендердик комиссия мүчөлөрүнүн ичинен мен Чоромновду гана таанычумун”,-деди Юксел.

Ошондо эле ал Алмамбет Шыкмаматов менен Жусуп Иманалиев эмнеге айыпталып жатканына таң калып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Шыкмаматов менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Эске салсак, Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 5 =