«Бишкек асфальт сервис»: “Бишкектеги жакшы жолду көрбөгөндөр көзүңөр көр экен”

0

Каганат.

«Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жетекчиси журналисттерге жооп берүүдөн качып, анысы аз келгенсип карапайым калкты көзүңөр сокур экен деп тилдеди. Бул тууралуу radar.kg сайты жазып чыкты.

Бишкектеги жолдорго  ылдамдыкты төмөндөтүүчү дөңсөөлөрдү (лежачий полицейский) жаңы стандарт менен төшөй баштаганы тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымат тараткан соң аталган сайттын журналисттери «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров менен байланышууга аракет кылышкан. Калк кызыккан суроолорго жооп бергиси келбеген жетекчи иши чачтан көп экенин (ишим “до фига” деген ) экенин айтып, телефон чалууларга жооп бербей койгон.

4 күн өткөн соң гана “убакыт таап” чалууга жооп берген Амантуров Бишкек шаарындагы жолдордун абалы абдан жакшы экенин айтып, сокур адамдар гана жолдордун жакшы экенин көрбөй жатышканын кошумчалаган.

Бирок эмнегедир бул жетекчи айткандай карапайым калк жомоктогудай сапаттуу жолдорду көрбөй келет. Шаарынын көйгөйүн билип, кичине болсо да элге жакын болгондо гана элди кыйнаган көйгөйлөр менен тааныш болорун Мирлан мырзага эскертип коюуну чечтик. Жылуу-жумшак креслодон туруп, кабинеттен чыгып көчө аралап басып көрсө  ашыкча кылбас.

Депутаттардын бомба түшкөндөй абалдагы жолдор тууралуу айтканын деле бир жолу угуп койсо кереги тиет беле. Же Мирлан мырза “Өзүң билбе, билгендин тилин алба” деген каргышка калган белем ким билсин?

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + 16 =