Орусиянын спикерлери президенттикке талапкерлерди сынаганы келишеби?

0

Каганат.

Саясатчы Аркадий Дубнов орусиялык аткаминерлер президент Алмазбек Атамбаевдин келечектеги мураскери Сооронбай Жээнбеков менен таанышуу үчүн келишерин интернеттеги баракчасына жазып чыкты.

“Эртең (28-июнда – ред. ) Вячеслав Володин расмий иш-сапары менен Кыргызстанга келет. Расмий программада кесиптеши, кыргыз парламентинин төрагасы менен жолугушуу гана жазылган. Бирок, анын колуна, сөзүнө, кыймыл-аракетине көңүл бургула, ошондо Москва президент Атамбаевдин кишисин, премьер Жээнбековду 5-президенттикте колдойбу белгилүү болот. Тандоо боло элек. Бир жумадан кийин Ысык-Көлгө дагы бир спикер мадам Матвиенко келет. Ал дагы талапкерлерди тизип алып сынайт окшойт, ондон ашуун талапкер тизилсе керек”,-деп жазат Дубнов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин  Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × үч =