Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым конуштары айыл категориясына киргизилди

0

 

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын  Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда төмөндөгү  калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:

– Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын  Максат калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы  Ак-Суу айыл аймагынын  Жязкен  калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын  Коткор калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын  Ак-Өргөө калктуу конушун;

-. Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын  Улуу-Тоо калктуу конушун.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × бир =