Маевский эмнеге 7 жыл арыз жазбай жүргөнүн айтты

0

Каганат.

Бүгүн, 29-июнда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болууда. Анын жүрүшүндө Леонид Маевский 7 жылдан бери эмнеге арыз жазбай жүргөнүн түшүндүрдү.

 

“Ал учурда Башкы прокурор башка адам болчу (Аида Салянова – ред.), мени камап салышабы деп корктум, ошол үчүн арыз жазган эмесмин. Себеби ал Текебаевдин карамагында болчу.  Башкы прокурор алмашкандан кийин арыз жаздым”,-деди ал.

Ошол учурдагы Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан 2015-жылы январь айында эле бошогон, бирок Маевский бир нече жыл өткөндөн кийин гана арыз жазып жатат. Мунун себебин Маевский тиешелүү документтерди топтоп жүргөнү менен түшүндүрдү.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

10 + он үч =