Жапаровдун сотунда жактоочу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү

0

Каганат.

Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши боюча соттук процессте жактоочу Шарабидин Токтосунов сот Эмил Кайыповго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Айтмында, Кайыпов биринчи күндөн тартып эле бардык өтүнүчтөрдү четке кагып, адилеттүү болбой жатат. Бул боюнча жактоочулар Конституциялык палатага кайрылышарын да билдиришти.

Сот Кайыпов сотту алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган жок жана жактоочулар кааласа Конституциялык палатага кайрылышса болорун айтып, соттук отурумду улантты.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Эртеси эле, 26-мартта ага карата “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле Биринчи Май райсоту тергөө бүткүчө Жапаровду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 4 =