Жыргалбек Касаболотов: “Алмазбек Шаршенович, ошондо ким кыргыз эмес?”

Каганат.

Белгилүү акын, конфликтолог-талдоочу Жыргалбек Касаболотов, Алмазбек Атамбаевдин бүгүн  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүн угуп жатып, «Ошондо ким кыргыз эмес?» деген суроо жаралганын айтат.

Анын айтымында, биринчиден убактылуу өкмөттүн ичинен Кадыржан Батыров менен эң көп сүйлөшкөн киши Атамбаев экенин, эч ким оозун тырмабаса дагы Кадыржан Батыров  өзү айтканын,  муну биз эле эмес бүтүндөй дүйнө укканын, бирок, бүгүн Атамбаев эмнеге Батыровду «чанып» бет тырмоочулук кылып жатканына түшүнбөй жатканын айтат.

Ал Манастын убагында паспорт да, Кадыржан Батыров да, Алмазбек Атамбаев да, ал гана эмес Атамбаев тарыхый мекеним деп эсептеген азыркы Орусия мамлекети да болгон эместигин кошумчалайт.

Конфликтолог-талдоочу Манас бабабыздай курама жыйып журт кылбай, кулаалы таптап куш кылбай,  баш мыйзамды Ажо өзү бузуп, паспорттон улут графасын элден сурабай-этпей эле алып салышканын айтып, Кыргызстандын президенти чын эле Башмыйзамдын кепилиби же кепиниби? –деп суроо салат.

-Туура, Манас атабыз “ай-ааламды буй кылган, ак марал багып уй кылган, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, эптеп жүрүп эл кылган, эр уулу менен тең кылган”. Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган.

Азыркы бийлик болсо “кыргыз ого бетер тентисин, тентигенине шарт түзүп берели” дегенсип Бажы биримдигине тыгып салды го? Болбосо “мигранттарга шарт түзүп берели” дегенин башка кандайча түшүнсө болот? Ошонусунан уялгандын ордуна мактанып атышпайбы? Ошондо Манастын идеясына ким каршы чыккан болуп атат? –дейт Жыргалбек Касаболотов.

Кыргызстандын президенти – Башмыйзамдын кепили. Өзү демилге көтөрүп шашылыш өткөргөн Башмыйзамда “ар бир жаран улутун ачык көрсөткөнгө акылуу” деп жазылып турат. Булар болсо паспорттон улут графасын сурабай-этпей эле алып салышты. Ошондо кандай болуп калат, азыркы Кыргызстандын президенти чын эле Башмыйзамдын кепилиби же кепиниби? –деди Жыргалбек Касаболотов.

Ошондой эле ал, Ажонун «кыргыз эмессиң» деп кимди жекирип жатканын ачык айтса болмок, канткен күндө да Атамбаев тарыхка саресеп салып,  алды артын карап сүйлөсө жарашмак деген оюн жашырган жок.

-Атамбаев кимди “өзүң кыргыз эмессиң” деп айтканын так айтса болот эле. Чыңгыш баатыр Шаманы багып алганына чейинки солтонун санжырасынан Кыяс Молдокасымов да нары ашыра албай, анын түпкү теги кыргыз экенин далилдей албай койду. Ишенбесеңер “Азаттыктагы” ошого байланыштуу макаланы жана анын түбүндөгү талкууну карагыла. Ошондо ким кыргыз эмес? Кичине алды-артын карап туруп сүйлөбөйбү, жарыктык киши-деди Жыргалбек Касаболотов.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде Атамбаев:

Кечээ эле сепаратисттердин жанында, Кадыржан Батыровдун жанында жүргөндөр азыр, кыргыз элине болушумуш болуп  “менин паспортума кыргыз деп жазбасаңар кыргыз болбой калам” деп кыйкырып жатканын айтып,   “Сен ансыз деле кыргыз эмессиң! Манас атабыздын эмне паспорту бар беле?”  деп  суроо салган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

5 × беш =