Атың чыкпаса жер өрттө, депутаттардын эстен кеткис кептери

Каганат.

Бул жумада VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин экинчи сессиясы өз ишин аяктады. Биз болсо бул чакырылыштагы депутаттардын кимиси кандай кылыгы, демилгеси же сөзү үчүн коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, сынга кабылганын эстеп көрүүнү чечтик.

Эс алуу жетишпей калды

Жогорку Кеңеш күзүндө ишин жаңы эле баштап жаткан маалда депутаттар эл арасында кепке кала баштады. Жайкы каникулдан келген депутаттар жөнөкөй жарандарды, мыйзам чыгарууну унутуп калыштыбы, айтор эс алууну узартабыз деп чыгышты.

Алгачкы эле жалпый жыйында КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев жайкы каникулду 12-сентябрга чейин узартууну сунуштады. Буга Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун шылтоо кылышып, аны депутаттардын көпчүлүгү колдоп, натыйжада Жогорку Кеңеш ишин сентябрдын ортосунда араң баштады.

“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бүткөндөн кийин дагы Рыспаев эл өкүлдөрүн Чолпон-Атага автобус менен, ал эми өкмөт мүчөлөрүн жеңил унаа менен алып барышканына нааразычылыгын билдирип чыкты. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Кожобек мырзаны өз ордуна коюп коюшту.

Мугалимдер саанчыларга окшош…

Дагы бир КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында мугалимдерди саанчыга, чабанга салыштырып, тагыраак айтканда алардын кийимине асылган жайы бар. Сынга толгон сөздөргө көмүлүп калган Мусабековага мугалимдер дагы жооп кайтарып, айлыкка жараша кийинишерин билдиришкен болчу.  

Мугалимдерди саанчыларга салыштырган эл өкүлү муну менен эле токтоп калбай журналист кызды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, керек болсо бетин тилип, туздап саларын да билдирген. Андан сырткары дагы бир топ уят сөздөрдү айтып, спортчу балдары менен коркуткан бул айымдын кылыгын фракция карамай болгон, бирок Мусабекова ооруп жатканын шылтоолоп жыйындарга келбей жүрүп, аңгыча каникул да келип калды.

8-9 миң сом деген айлык жок

“Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева карапайым калктан алыс экени жарандардын айлык маянасы тууралуу пикир билдиргенде ачыкталып калды.  

Кыргызстанда 8-9 миң сом айлык алгандар дагы барбы деп, өзү Америкада жашап жаткансыган эл өкүлүнүн бул сөзү көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Керек болсо 3-4 миң айлык алгандар бар экенин уккан депутат кийинчерээк кечирим сураганга аргасыз болду.  

Журт атасы – Атамбаев

Мамлекет башчыга импичмент жарыялоо тууралуу көтөрүлүп жаткан демилгеге комментарий берип жатып Иса Өмүркулов президент Алмазбек Атамбаев журт атасы экенин айтып чыкты.

“Алмазбек Атамбаев журттун атасы, ал Конституциянын гаранты”-деген Өмүркуловду социалдык түйүндөрдө колдонуучулар бир топ шылдыңдап, тепкиге алышкан.

Жашоо күндөн-күнгө жакшырууда

Депутаттардын сөзүн угуп отуруп кээде чын эле жомоктогудай өлкөдө жашайбызбы деп алданып кала жаздайсың.

КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминовдун жашоосу күн санап жакшырып жатса керек деген пикирге келдик. Себеби ал Жогорку Кеңештин март айындагы жыйынында экономиканын абалы өзгөрүп жатканын айткан жайы бар.

“Кыргызстандыктар күндөн күнгө жакшы жашап башташты. Бул тууралуу жада калса Лейлекте да айтып жатышат”,-деген ал.

Ошондой эле өкмөттүн ишин мактаган эл өкүлү: “Жакшы иштер жасалып жатат, муну элге жеткире билүү керек. Жакында президенттик шайлоо. Оппозиционерлердин максаты эптеп бийликке келүү, алар жакшы иштер болуп жатса да баары жаман дешет”-деген.

Крым – биздики

КСДПчы Ирина Карамушкина “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген макалды унутуп калган окшобойбу. Дегенибиз депутат Ирина Карамушкина 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялап, «Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деген пикирин калтырган. 27-мартта болсо Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко социал-демократчы депутаттар Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирген.

Себеби Крымга барган депутаттар Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкина бул жеке эле сапар экенин айтканы менен аз өтпөй калптары чыгып калган жайы бар. Натыйжада эки депутатка тең Украинага кирүүгө тыюу салынган.

Сириядан тажрыйба топтойбуз

Катуу сынга кабылгандардын катарына “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев дагы кирет. Ал Сирияга кыргыз аскерлеринин жөнөтүлүшү боюнча пикирин билдире коюп таландыга калды. Себеби Иманалиевдин айтымында, кыргыз аскерлери Сирияга барып жакшы тажрыйба топтоп келет имиш.

Интернет колдонуучулары эл өкүлүнүн мындай жоругуна таң калышып, анда өзү жол башчы болсун деп да чыгышты. Бирок айткан сөзүнөн кайра кайткан депутат ошол эле социалдык түйүндөргө өзүнүн башка дагы пикирин жаза салып, айрым сайттар аны жөн жерден каралап жатышканын жазды. Бирок тажрыйба тууралуу айткан кеби чын экенин далилдеп берчүлөр дагы жок эмес.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма + он эки =