1-октябрдан тарта 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтөт

0

Каганат.

2017-жылдын 1-октябрына карата 373 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санынын ичинен  189 электрондук форматка өтөт. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгүн талкуулоонун жүрүшүндө берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, электрондук башкаруу жана электрондук документ жүгүртүү  маселеси дүйнө жүзүндө келечектүү болуп саналат. Алдыңкы өлкөлөрдө мындай кадам менен коррупцияны жоюуга жана экономиканы өнүктүрүүгө жетишүүдө.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымдагандай, мекеме түзүлгөндөн тартып анын негизги ишмердүүлүгү маалыматтык технологиялар тармагындагы мамлекеттик саясатты  жана электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүү, электрондук почта байланышы, радио теле көрсөтүүлөр тармагында тармактар аралык координацияны ишке ашыруу  болуп саналат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − он бир =