Өмүрбек Бабанов БШКга президенттикке ат салышуу үчүн арыз берди

0

Каганат.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер катары катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди.

 Белгилей кетсек, 1-июль улуттук курултай өтүп, Бабанов өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катыша турганын билдирген.

 Эске салсак, буга чейин президенттикке талапкерлигин коюп, БШКга Өмүрбек Текебаев, Назарбек Нышанов, Темир Сариев, Рита Карасартова жана Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Камила Шаршекеева, Турсунбай Бакир уулу, Бакыт Төрөбаев, Талантбек Масадыков арыз тапшырган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + бир =