Паспортко улуту жазылбаганына нааразы болгондор сотко арыз жазышты

Каганат.

Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына паспортко жарандын улутун көрсөтүүнү талап кылган арыз берилди. Ага коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Шамшыбек Медетбеков жана Жыргалбек Касаболотов кол коюшту.

“Жарандык коомдун жеке инсандардын атынан Конституциялык сотко арыз тапшырдык. Кыргызстандын ар бир жараны өзүнүн улутун, этносун так даана көрсөтүүгө укуктуу жана ал укуктар эч нерсе менен чектелбейт деп жазылып турат. Өкмөт бул чечимин эч нерсе менен негиздеген эмес. Кыргыз паспортуна улутун жаздыргысы келбей, уялгандар мурун эле жазылган эмес. Кыргызстандын ички паспорту Кыргызстандын жаранынын мамлекет менен болгон мамилесин тастыктаган бирден-бир расмий документ. Ал жерден алып салуу биздин укугубузду бузуп жатат”,-деди Жыргалбек Касаболотов.

“Ар кайсы күчтөр, саясий партиялар, инсандар биригип “Улутуңду унутпа” деген кыймыл түзгөнбүз. Бир жылдан бери кайрылбаган жерибиз калган жок. Президентке, өкмөт башчыга, ЖК депутаттарына кайрылып, акцияларды, иш-чараларды өткөрдүк, бирок жыйынтык чыккан жок”,-деди Шамшыбек Медетбеков.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортто жарандын улуту көрсөтүлбөй тургандыгын билдирип, каалагандар улутун чипке жаздырып алышарын жар салган.  

Жаңы үлгүдөгү паспорт быйыл 1-майдан баштап бериле баштаган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

3 билдирүү

Пикир

4 × беш =