Ысык-Көл 2017: Купальникти кантип туура тандайбыз?

Каганат.

   Жай айы келип, көлдүн сезону башталды эмеспи. Андыктан ар бир айым үчүн купальник негизги көйгөйлөрдүн бири. Эгерде сиз дагы шаардын ысыгынан тажап,  Ысык-Көлдү  көздөй бет алганы жатсаңыз, купальниксиз элестетүү мүмкүн эмес экендигин билебиз. Анда биз сизге сапаттуу, жарашыктуу,  келбетиңизге сулуулук кошкон купальникти тандоого жардам беребиз.

– Узун бойлуу арык айымдар ачык түстөгү, узунунан кеткен сызыктары бар купальникке басым жасаганы оң. Узунунан кеткен сызыкчалар ого бетер арык, узун кылып көрсөтөт. Көкүрөгүңүз кичирээк болсо үстүңкү бөлүгүндө саймалар же гүлү бар купальнике басым жасаңыз.

– Кичинекей, арык бойлуу бийкечтерге юбка же шортик сыяктуу купальниктер сунушталбайт. Ого бетер боюңузду да, бутуңузду да кыска көрсөтүшү мүмкүн. Үстү жагында англисче V тамгасы сыяктуу бычылып тигилген купальниктер арыктыгыңызды аз да болсо жеңип көзгө жакшы көрсөтөт. Бутуңуз кыска болсо астыңкы бөлүгүндө тик сызыкчалары бар купальникти тандаңыз.

– Жамбашыңыз чоң, ийиндериңиз жазы болсо бели киндиктен ылдый келген купальниктер туура келет.

– Шортик түрүндө тигилген же спорттук стилдеги купальник мүчөңүздүн кемчилигин баса көрсөтүшү ыктымал.

– Жалпы тигилген купальниктер ашыкча салмактан же ичи чыккан айымдардын аз да болсо кемчилигин жашырууга жардам берет.

Купальниктин материалына карай сапатын аныктоого болот (кашаанын ичинде кыскартылган тамгаларды этикеткадан кароо керек)

Нейлон (NY)

Эластинге караганда сапаты мыкты, денени тыгыз кармап турат. 30-35 градус температурадагы сууга чыдайт, бир кемчилиги күнгө бат оңуп, сапатын тез жоготот.

Тактель (ТАС)

Аба кирип, дене жакшы дем алат. Бат кургайт, көлөкөдө да тез кургоо жөндөмүнө ээ. Бир жетишпеген жагы бат чоюлуп, бир-эки кийгенден кийин чоң болуп калышы да ыктымал.

Полиамид (РА)

Мындай материалдан тигилген купальниктин баасы башкаларга салыштырмалуу кыйла кымбат. Аба киргизгени, кургаганы, денени кармап турган жагынан астына ат салдырбайт. Күнгө оңбой, өңү өчпөй узак убакытка чейин сизге мыкты кызмат кылат.

Эластин (EL) жана Лайкра (LY)

 Купальник сатып алууда этикеткасындагы 5-10% деген жазууга көңүл буруңуз. Эгер бул көрсөткүч андан жогору же такыр эле жок болсо, анда купальниктен аба кирбей денени тумчуктуруп салышы мүмкүн.

Туура кам көрүү

Купальниктин материалы назик болгондуктан аны чечкенден кийин самын менен менен колго жууган жетиштүү. Аны кир жууган машинага башка кийим менен аралаштырып салууда сапатын тез жоготот жана башка кийимдердин өңүн өзүнө бат сиңирет. Жууганда хлор колдонуу сунушталбайт. Бул купальниктин өңүн өчүрүп, эрте жыртылуусуна алып келет. Жуугандан кийин катуу сыкпай силкип жайып койгон жетиштүү.

Түстөрдүн парады

Бул жайда сиздин фантазияңызга эч ким чек кое албайт. Ачык түстөгү купальниктердин сезону десек болчудай. Жашыл, көк, сыя көк, сары, кызыл, күлгүн түстөр быйыл модада. Кыргыздын оюу-чиймеси түшүрүлгөн купальниктер да быйыл суроо-талапка ээ. Моданын чокусунан түшпөгөн классикалык ак-кара түстөр да унутта калган жок. Тескерисинче эки түс айкалышкан зебра купальниктер жаштардын табитинде.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × эки =