Текебаевдин сотуна “Мегакомдун” жетекчиси Азат Базаркулов келди

0

Каганат.

Бүгүн, 4-июлда Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана ӨКМнын мурунку жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отуруму уланууда.

Сот процессине күбө катары “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов келди.

Ал орус тилинде көрсөтмө берерин билдирди, бирок айыпталуучулар Текебаев менен Чотонов буга каршы чыгышты.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.                  

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 4 =