Балыкчыдагы эгиздердин бири жоголгон окуя боюнча министр оюн билдирди

Каганат.

Балыкчы шаарында УЗИ дайыма эгиздерди көргөзүп, бирок төрөгөндөн кийин бир гана кыз экени айтылган окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өз пикирин билдирди.

“Бул окуя акыркысы болушу керек. Дайыма эки баланы күтүп, төрөгөндөн кийин бир эле ымыркайлуу болгон эненин абалын түшүнсө болот. Учурда комиссия иштеп жатат, биз өз күнөөлөрүбүздү жашырбайбыз. Бул окуяга тиешеси барлардын баары мыйзам чегинде жооп беришет”,-деди министр.

Ошондой эле Батыралиев квалификацияны жогорулатуу жана лицензия берүү эрежелерин күчөтүү керектигин белгиледи.

“Мени менен дагы ушундай окуя болгон. Биз экинчи балабызды көп күткөнбүз. Жубайым боюнда бар кезинде бизге дайыма кыздуу болосуңар дешчү. Командировкалардын баарынан мен кыздын кийимдерин алып келчүмүн. Уул бала төрөлгөнүн билгенимде төрөт үйүнө телефон чалып, аларды сотко береримди билдиргем”,-деди министр.

Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыев аялы Махабат Намазбекова төрөгөнгө чейин УЗИге бир нече жолу түшүп баарында эгиз деп көрсөткөнүн, төрөт үйүнөн бир эле кыз төрөлгөнүнө ишенбей турганын айтып, УКМКга арыз менен кайрылышкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × үч =