Кочкорбаев: “Мамлекеттин тагдырын 300-500 сомго сатып жатабыз”

0

Каганат.

ЖКнын 5-чакырылышынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев тегерек стол учурунда коом кризиске кептелип турганын билдирди.

Айтымында, саясий да, экономикалык да кризис болуп, жолубуз туңгуюк.

“Андан кантип чыгуу керек дегенде жалпы багыттарга гана токтолуп келебиз. Элибизде шайлоонун эртеси дагы кимди шайлап алдык деген ой болот. Маселенин түбү айланып келип жалпы элибиз ушу деңгээлде окшойбуз деген ой келди. Чындап эле мамлекеттин тагдырын 300-500 сомго сатып жатабыз”,-деди ал.

Ошондой эле Кочкорбаев жаштарга кайрылуу жасады.

“Жаштар улуу муундарга доомат коюшат, “качан кетесиңер” деп. Мына алгыла. Мыйзамдуу жол менен бийликти ала турган мезгил келди. Ар бирибиз көчөгө чыгып элди үгүттөйлү, добуштарды сатпагыла деп. Бийликти жаштар албайсыңарбы. Эмнеге жаштар партия артында оң, сол канат болуп отурат? Эмнеге жаштар өзүнчө коом түзүп, өз ордун талашпай жатат? Эмнеге жаштар бир талапкерди алып чыга албай жатат? Ушундай тегерек стол учурунда эле “булар тажатты” деп башташат”,-деди ал.

Абдимуталип Кочкорбаевдин пикиринде, улуу муундан бийликти алуу үчүн жаштар күрөшүүсү керек.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч + 11 =