Бакыт Төрөбаев: “Де-факто гезитин кечирдим”

0

Каганат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Де-факто” гезитин 5 млн сомго сотко берген болчу.

Буга аталган басылманын 2017-жылдын 21-апрель күнү жарык көргөн санында “Бакыт Төрөбаев Максим Бакиевдин “Долбоору” куру убадалары менен президенттик шайлоого катышууга камданууда” деген аталыштагы макаласы себеп болгон.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери “Де-факто” гезити мындай макаланы таратуу менен депутаттын абийирине жана ишкердик репутациясына шек келтирди деп эсептеп, Бишкек шаардык Ленин райондук сотуна арыз менен кайрылган болчу.

Бүгүн Бакыт Төрөбаев аталган гезиттин редактору бир нече ирээт кечирим сурап келгенин жазып, аларды кечиргенин билдирди.

Бирок гезитке бул макаланын чындыкка дал келбей турганы тууралуу макала жарыяланышы керек.

“Де-факто” гезити жарыяланган макаласын расмий түрдө жокко чыгарып, ал чындыкка дал келбестигин жарыялаган соң мен арызымды алам”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × үч =