Бишкекте Куран жарышы башталды

Каганат.

Бишкек шаарындагы борбордук мечитте республикалык Куран жарыштын тандоо туру башталды. Учурда өлкө аймагындагы Куран жарышынан жеңүүчү болгон уландар бүгүн жана эртең күч сынашып, өздөрүн Куран окуудагы чеберчиликтери, тажвид эрежелери боюнча калыстардын сынынан өтмөкчү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

“Куран жарышынын катышуучулары Куранды толук (30 пара) жатка билүү менен кошо жазария эрежелерин жатка билүү боюнча, Куранды толук (30 пара) жатка билүү боюнча, Курандын 3/2син (20 пара) жатка билүү боюнча, Курандын 3/1ин (10пара) жатка билүү боюнча ат салышууда”,-деп жазылат маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + он алты =