Күнгө туура күйүүнү билип алыңыз

0

  Каганат.

Жайдын аптаптуу мезгили башталды. Бул учурда күндөн коргонуу үчүн ар кандай керемдердин түрүн колдонот эмеспизби.  Кремсиз күнгө күйүү дене рагы оорусуна чалдыгаары  айтылып келет. Андыктан кермди колдонууда этикеткасына маани бериңиз.

Эринбей этикеткасын кара

Күндүн нурунан сактоочу крем денени картаюудан сактап, күнгө текши, сулуу болуп күйүүгө жардам берет. Баарынан да күнгө кремсиз күйүү дене рагы оорусуна чалдыктырат. Крем сатып алууда эринбей этикеткасына карап тандаган оң.

Кремдер күн нурун “экрандаштырган” жана “күн нурун кое бербеген” болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчи түрү денеге сүйкөлгөндө күн нурунан коргоп, дененин күйүп кетпешин алдын алганы менен бул крем бардык эле денелерге туура келе бербейт. Көбү аллергия болуп, ысык сыяктуу кызыл майда тактарды пайда кылышы мүмкүн. Бул кремди аларда дененин бир аз бөлүгүнө сүйкөп туруп эч кандай терс таасирин көрбөсөңүз колдонгонуңуз оң. Экинчи түрү, сууга түшөрдө кремди денеге сүйкөп түшсө суудан да, күн нурунан да коргоо касиетине ээ.

Этикеткасына көңүл бурсаңыз SPF деген жазуунун жанында 3төн баштап 30га чейинки сандар көрсөтүлгөн. Бул сандар күндүн ысыгына жараша колдонулат. Мисалы, ачуу тийген күнгө күйүүнү кааласаңыз 30 же 25 деген сандагы кремди алсаңыз ылайык. Курамында А жана В витаминдери бар кремге басым жасаңыз. Анткени бул витаминдер денени аллергия болуудан, куудуратып бырыш түшүрүүдөн сактайт.

Оозу ачылган кремди жарым жылдан ашык сактоого болбойт. Күнгө чыгаардан жарым саат мурда аны денеге текши сүйкөп, сиңгиче күтө турасыз. Ар бир эки-үч саат сайын кайталап сүйкөнүү керек. Өтө калың кылып сүйкөгөн крем денеге зыян. Анткени калың сыйпалган крем эрип, ысып, денени күйгүзө баштайт.

Күнгө туура күйүңүз

– Эс алууга барган күндөн тарта күнгө аздан күйүү керек. Мисалы, алгач он мүнөттөн баштасаңыз болот. Андан кийин бул көрсөткүчтү күн санап көбөйтсө болот. Жатып эмес күнгө ары-бери басып күйгөн пайдалуурак.

– Күнгө дененин эң бат күйө турган бөлүгү бет болуп саналат. Андыктан суудан чыккандан кийин көмкөрөңүздөн көбүрөөк жатуу сунушталат.

– Күнгө туура күйүү кан айлантууну жакшыртат, зат алмашуу ылдамдайт. Адамга керектүү болгон Д витамини да күндүн нурунда көп. Жайында күнгө күйүп өз “порциясын” алган адам кышкысын ар кандай инфекциялык оорулардан биринчи кезекте сасык тумоодон оолак болот.

– Күнгө ашыкча кактануу иммундук системаны начарлатат. Күн нурунда мөөнөттөн ашыгыраак жүрү дененин иммундук күчүн жок кылат.

– Ультрафиолет бат картаюууга себеп болот. Эртели-кеч күнгө күйүп жүрүү тери рагын пайда кылышы мүмкүн.

– Баш кийимсиз же көз айнексиз күнгө күйүү мүмкүн эмес. Ачык тийген күн териден мурда көзгө зыян.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш + үч =