Жал башынан бери Патрулдук милициянын 586 кызматкери жоопкерчиликке тартылган

Каганат.

Жал башынан бери Патрулдук милициянын 586 кызматкери жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Ал коомчулукка жана ММКларга ыраазычылыгын билдирди.

“Текшерүүлөрдүн натыйжасында 586 кызматкер ар кандай жоокерчиликке тартылды. Алардын арасынан жетөө коррупция алышкан. Жалал-Абад облусунда эки, Бишкекте төрт, Ошто бир кызматкер коррупцияга аралашкан. Аларга карата кылмыш иши козголду”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Патрулдук милиция 2016-жылы түзүлгөн.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз + 16 =