Жапаровдун сотундагы күбө аны УКМКдан кыйнашканын билдирди

0

Каганат.

Садыр Жапаровдун сотунда күбө Наристе Калчаев УКМКдан аны кыйнашканын билдирди. Ал митингди уюштуруучулардын катарында болгонун айтып берди.

“Коридордо маскачан адамдар 2 катар болуп тизилип турушуптур. Алар мени сабашты. Мен эсимди жоготуп койдум. Башыма баштык кийгизишти. Мен бир нече жолу эсимди жоготком”,-деди ал.

Калчаевдин айтымында, аны “митингди ким каржылаганын айт” деп кыйнашкан.

Бирок ал митингди ким каржылаганын билбей турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Эртеси эле, 26-мартта ага карата “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле Биринчи Май райсоту тергөө бүткүчө Жапаровду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма + 2 =