Бруцеллезго каршы малдарды эмдөө жүрүүдө

 

Каганат.

Кыргызстан боюнча бруцеллезго каршы малдарды эмдөө иши башталды. 2017-жылдын 5 айында 186 миң баш козу жана токтулар эмделди. Бул туурасында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жаныбарлардын ден-соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев билдирди.

Айтымында, республика боюнча 5 ай ичинде 679,3 миң баш быйылкы жылы туулган козу-токтуларды эмдөө планга киргизилген. Жылдык план 2 млн баш.

“Жылдын жай айлары болгон июнь менен август эң оптималдуу мезгил. Жаз мезгилинде мал жайытка кетет. Ветеринар эмдөө ишин ошол жакта жасайт. Кызмат көрсөтүүгө малчы төлөйт. Анткени ал мал ээлеринен эрте эле чогултуп койгон. Мына ошол себептен ветеринарлар өздөрүнүн жумушун тез бүтүп жатышат” – дейт Абдраев.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1” долбоорунун алкагында 2017-жылга 2 млн РЕВ-1 вакцинасы жалпысынан 143 миңден ашуун АКШ долларына сатылып алынган.

“Белгилей кетүүчү нерсе, долбоордун алкагында 2009-жылдан бери ветеринардык врачтардын бруцеллезго каршы эмдөө иштеринин жана элдин арасына түшүндүрүү иштеринин жакшы жүрүшүнүн натыйжасында адамдардын арасында бруцеллез илдети менен ооругандардын саны беш эсеге төмөндөдү”, – дейт М.Абдраев.

РЕВ-1 вакцинасынын өзгөчөлүгү дарыны малдын көзүнө тамчылатат. Малдын иммунитети төрт жылдан жогору сакталат. Кой-эчкилердин кулагын тешүү анын бруцеллезго каршы вакцинациялоодон өткөндүгүнүн белгиси болуп саналат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 11 =