Күбө: “Тендер болгон күнү Шыкмаматов жыйынга келген эмес”

0

Каганат.

Тендердик документти ачканда протоколго Алмамбет Шыкмаматовдон башкасынын баары кол койгонун соттук отурумда Эсеп палатасынын карылык-чарбалык бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Романова билдирди.

Айтымында, протоколго кол койгон эмес, себеби дал ошол күнү тендердик комиссиянын жыйынына келген эмес.

 “Тендердик комиссия 7 кишиден турган. Тендер өткөрүлгөн күнү Шыкмаматов келген эмес, комиссиядан 6 киши катышкан”,-деди Романова.

Ошондой эле жактоочунун: “Урматтуу күбө, Алмамбет Шыкмаматов сизге келип тендерге коюлуп жаткан машина тууралуу айтты беле?”-деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

Романова: “Алмамбет Шыкмаматов мага эч нерсе тууралуу айткан эмес. Машина жөнүндө эч кандай маалыматым жок болчу”.

Эске салсак, Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Депутат менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

сегиз − 4 =